Жамшидие паркы
Жамшидие паркы
Жамшидие паркы – Ниаваран районунда Колакчал тоосунун этегинде орун алган. Тегерандагы эн живопистүү жана кооз парктардын бири болуп саналат. Парк кереметтүү тоо абасы, живопистүү пейзажы, көп сандаган айкелдери жана бак-дарактары менен ирандыктардын эң жакшы көргөн эс алуучу жайына айланган. Бул парктан ийри-буйру болгон тепкич жол менен өйдө көтөрүлүп бара жатканда табигый шаркыратмаларды, таштан жасалган ар түрдүү композицияларды жана кызыл карптар, балыктар сүзүп жүргөн декаративдүү анча чоң эмес көлдү көрүүгө болот. Тоонун бооруна салынган таш тепкичтер менен өйдө көтөрүлгөн сайын Тегеран шаары алаканга салгандай көрүнө баштайт.
Аты | Жамшидие паркы |
Өлкө | Иран |
Область | Тегеран |