
Аб-о-Аташ паркы
Аб-о-Аташ паркы
Аб-о-Аташ паркы – бул парктын аталышы перс тилинен которгондо “суу жана от” дегенди билдирет. Бул парк Тегерандын түндүгүндө жайгашкан. Паркта көнүл ачуучукөптөгөн объекттер бар: амфитеатр, фонтандар, ар кандай ресторан-кафелер, беседкалар, гүл базары, маяк, велосипед тебүүчү жолдор, балдар аянтчасы бар. Ошондой эле парктын жанында өлкөдөгү эң узун “Табият” көпүрөсү орун алган. Парктын аталышы бекеринен коюлган эмес, паркта оттун жалыны 8 метрге чейин жеткен бийик колонналар жана фонтандар зонасы бар. Кечкисин музыканын коштоосунда шоу өткөрүлүп турат.
Аты | Аб-о-Аташ паркы |
Өлкө | Иран |
Область | Тегеран |





