Раен сепили

Раен сепили

Раен сепили

Раен сепили - дүйнөдөгү жана Ирандагы эң ири курулуштардын бири болуп саналат. Ал чоңдугу жагынан Иранда жайгашкан Бам жана Мурче-Хорт сепилдеринен кийинки дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунда турат. Тарыхчылардын айтымында, сепил болжол менен 1500 жыл мурда Сасаниддер династиясынын тушунда Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман провинциясында курулган. Убакыттын өтүшү менен Кермандан Жирофт жана Бандар-Аббаска барчу жолдо жайгашкан сепил соода-сатыктын чыныгы борборуна айланган. Бул жерде Хорасан, Египет жана Ирактын кездемелери сатылчу, ошондой эле ар түрдүү курал-жарактарды да сатып алуу мүмкүн болгон. Раен сепили толугу менен чийки чоподон курулган жана анын чыгыш тарабынан ички короого кирүүчү бир эле кире бериши бар. Кире бериштин жаны усталар металлдардан ар кандай буюмдарды жасаган темирчилердин орду болгон. Сепилдин айланасына курулган дубалдарынын бийиктиги 10 метрди түзөт. Ошол мезгилдердин талаптарына ылайык кандай гана сепил болбосун сөзсүз түрдө храм, амбар, мектеп, казармалар жана ооруканалар салынган. Раен сепилинден аталган курулуштардан сырткары, ирандын салттуу күрөшү өткөн "Зурхане" деп аталган “балбандардын үйү" да салынган. Кайсыл бир убактарда сепилдин короосунда зороастралык храм дагы бар болгон, бирок убакыттын өтүшү менен ал талкаланып жок болгон. Сепилдин башкы мунарасынын бийиктиги 15 метр, сепилди толугу менен башкаруу дал ушул жерден ишке ашырылчу. Сепилдин көчөлөрү тар жана төбөсү жабылган, ал жайкы ысыктыктан коргоп турчу. Палеонтологдор Раен сепилин – өткөн мезгилдердин сансыз сырларын ачыктай ала турган изилденбеген кенч деп эсептешет.

Аты Раен сепили
Өлкө Иран
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: