Чехел сотун (кырк устун) хан сарайы

Чехел сотун (кырк устун) хан сарайы

Чехел сотун (кырк устун) хан сарайы

Чехел сотун же болбосо кырк устун хан сарайы Исфахан шаарынын тарыхый имараттарынын бири. Анын аймагы 67000 метр кв. түзүп, Аббас шах Iдин доорунда куруу иштери башталып, аймактын так ортосуна бир имарат курулган. Аббас шах I бакчанын ортосундагы азыркы имаратты негизги имарат деп эсептеген жана ал жерге негизги чоң зал жана төрт бурчтук бөлмөчөлөрдөн турган хан сарай салдырган. Ал эми Аббас шах IIнин башкаруу доорунда бул имарат толукталып салынып, андагы негизги имаратка өзгөчөлүктөр киргизилип, күзгү залы, 20 устун залы, түндүк тарабына эки чоң бөлмө жана түштүк тарабына күзгү залын, падыша отурган бөлмөнүн ар тарабына балкондор жана имараттын маңдайына бир чоң бассейн салдырып, имараттын шыбына жана дубал бетине  ар кандай сүрөттөр күзгүлөрдөн оюу түшүрүлүп кооздолгон. Атайы чет элдик конокторго жана башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө арналган хан сарайдын борбордук залынын дубалдарында  ар түрдүү  доорлордогу тарыхый окуялар чагылдырылган. Бул зал ошол доордун эң бийик өнөрүн далилдеп,  андагы куполдордо ар кандай түстөр менен мыкты сапатта түшүрүлгөн сүрөттөр ошол доордун эң жогорку чеберчилиги болуп саналат.  

Имараттын жана бакчанын түзүлүшү:

  • 20 сотун же 20 устун залынын шып, күзгү чапталып жасалгаланган күзгү залынын ажайып шыбы, Аббас II доорундагы Жолус шахтын күзгү жасоочу  залы.
  • 20 сотун же 20 устун залындагы  абдан чоң устундар жана күзгү залындагы ар бир устун чынар теректен жасалган.
  • Залдын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бассейндин, төрт бурчтук таштан жасалган чорголору жана анын тегерегиндеги мрамордон жасалган чуңкурлар Сефевид доорунун кол өнөрчүлүгүнө таандык.    
  • Падышанын бөлмөсүндөгү эң мыкты чеберчилик менен жасалган алтын иштери, күзгү залынын тегерегиндеги бөлмөлөрдүн жасалгалары, падыша бөлмөсүнүн дубалдарында илинген көз жоосун алган кооз сүрөттөр Сефевид доорундагы падышаларды төмөнкүдөй кылып чагылдырат:
  • Аббас шах I Түркмөн кол башчысы Вали Мухаммад ханды меймандап атканы.
  • Ысмаил шахтын Чалдын согушундагы учуру.
  • Тахмасп шах I Индия падышасы Хамиунду меймандап атканы.
  • Ысмаил шах I дин Өзбек ханы Шибек менен болгон согушу.
  • Аббас шах II Жанияндар доорундагы Түркмөн эмири Надыр Мухаммад ханды коноктоп атканы.
  • Надыр шах Афшар доору чагылдырылган чоң портрет.
  • Өзгөчө, иран жылнамасы менен 1334-1335 жылдары чопонун арасынан табылган таажы кийген Аббас шах Iдин сүрөтү Чехел сотун хан сарайынын баа жеткис миниатюраларынын бири болуп эсептелет.
  • Жубар мечитинин же Пирине дуздун тарыхый калдыктары болгон  “Гатбие мечити” жана “Завие дарб кушк” кире бериш эшиктин бурчтары сарайдын түндүк жана түштүк тараптарындагы дубалдарда орнотулуп,  Сефевид доорунун бөлүнүп чачылган тарыхый калдыктары болуп эсептелет.
  • Чехел сотун хан сарайдын салынган күнү – имараттын  негизги кире беришинде боор менен жазылган жазууда:  “Дүйнөдөгү эң куттуу курулуш” хижри гамари жылнамасы менен 1057-жылы, (хижри хоршиди жылнамасы менен 1026-жыл) б.а. григориан жылнамасы менен 1647-жылы Аббас шах IIнин дооруна дал келет.
  • Таштан жасалган чорголор, бассейндин айланасындагы таштан жасалган эстеликтер, бакчадагы Сефевид доорунан калган  жалгыз ажайып тарыхый калдыктар болуп эсептелет.
  • Бакчадагы бассейндин төрт бурчуна орнотулган эстеликтерден суу шаркырап агып, шаркыратманы элестетип турат.
  • Хан сарайда орнотулган 20 устун анын маңдайындагы суудан чагылышып 40 устун тургандай көрүнөт, андан тышкары 40 саны байыркы ирандыктарда токчулуктун, молчулуктун белгиси болуп эсептелген, ошол себептен бул имараттын “Чехел сотун” (кырк устун) деп аталып калышы да дал ушул хан сарайдын маңдайындагы көп утсундардын ортотулушунан келип чыгышы мүмкүн.
  • Алгач бул устундарга абдан кооз күзгүлөр өтө чебердик менен жабышылып жасалган, бирок Кажар династиясы башкарып турган доордо, аталган шөкөт бүлгүнгө учурап, Сефевиддер оюлардын үстүн чопо менен кайра жасап чыгышкан.
  • Исфахан шаарынын улуттук ыйык уюму (1326-1324) алгачкы конституциондук доордогу  Исфахан шаардык саясий жана чечим кабыл алуучу эң негизги уюму болгон. Бул уюмдун мүчөлөрү Исфахан элинин шайлоосу менен Нур-Аллах Нажафи Исфахан шаардык уюмунун жетекчиси болуп дайындалган.
Аты Чехел сотун (кырк устун) хан сарайы
Өлкө Иран
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: