
Гүлстан хан сарайы
Тегеран шаарынын борбордук бөлүгүнөн орун алган Гүлстан хан сарайы Зенддер жана Кажарлар дооруна таандык. Гүлстан хан сарайы 440 жылдык тарыхы бар Ирандын эң уникалдуу тарыхый комплекси болуп саналат. Бул хан сарай Сефевиддер доорунан азыркы заманга чейин бир канча негизги өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Негизинен Гүлстан хан сарайынын курулушу шах Аббас Сефевид дооруна таандык. Ал жерде шах Тахмасп аркылуу төрт бакча, андан соң шах Сулайман Сефевид тарабынан сот имараты курулуп, бирок, тилеке каршы алар азыркы заманга чейин сакталып калган эмес. Ал эми сарайдагы биздин заманга чейин сакталып калган тарыхый курулуштардын көбү Зенд дооруна таандык.
Гүлстан хан сарайы 2013-жылы 22-июнда ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмунун комитетинин мүчөлөрүнүн 37-жыйынында Камбожа өлкөсүндө, адамзатынын улуттук мурасы катары катталган.
=Тарыхы=
Гүлстан хан сарайынын тарыхы шах Аббас Сефевиддин дооруна барып такалганын (988-жыл ир.ж.), Пьетро делла Валленин Тегеран шаарына болгон сапарында жазган падыша сарайы тууралуу баяндоолору, азыркы учурдагы Гүлстан сарайынын айланасындагы курулуштарды, Карим хан Зенддин заманын жана 1173-1180- хижрий жылдарына чейинки салынган сот үйүн изилдөөдөн баштасак туура болот.
Чындыгында Ага Мухаммад хан Кажар доорунун орду аябай чоң. Ал Зенд доорунун акырында, Карим хандын (1192- жылы ир.ж.) өлүмүнөн соң ички кооптонууга байланыштуу өлкөнүн борбор шаарын Гурган аймагынан Альборз тоо кыркасынын түштүк этегине, Тегеран аймагына көчүрүп келген. (Лорд Карзан өзүнүн Иран жана Иран таржымалы китебинде Тегерандын Ага Мухаммед хан тарабынан борбор шаар болуп тандалышын, мал мүлкүн жана сарайын Гурган шаарынан алып кеткени Орус таасирлеринен алыс болуууну негизги фактор катары караган.) Ага Мухаммад хан Лутф Али Зенд ханын 1209-ир. ж. Шабан аймагынан жеңген соң, Тегеранга кайтып келип 1210- жылы ир.ж. Нооруз күнү салтанаттуу түрдө таажы кийип тактыга отурган. Ага Мухаммад хандын мындай чарасы салтанаттуу сарайдын маанисинин жогорулашы жана бул шаарда таажы кийгизилгени (1797-жыл) Гүлстан сарайынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө чоң таасир тийгизген.
Наср ад Дин Кажар шахы Гүлстан хан сарайын 49 жылга жакын башкары турган маалда Европага 3 ирет сапар кылган (1290, 1295 жана 1306-жылдары ир.ж.) падышасы Иран Европадан таасирленип хан сарайда толук жаңы өзгөртүүлөрдү жасаган.
Аталган хан сарай Кажар династиясынын акыркы үч падышасы жашап өткөн мезгилде (Музаффар ад Дин шах, Мухаммад Али шах жана Ахмад шах Кажар) династиянын кулашына чейин архитектуралык жактан чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес, бирок тарыхыхый, саясий окуяларга анын ичинде конституциялык көтөрүлүш жана анын кесепеттери сыяктуу өзгөрүүлөргө бай болгон.
Салтанатту хан сарай, Кажар династиясынын кулашынан кийин, жаңы Пахлави династиясынын түптөлүү заманында, Пахлави I жана Пахлави II башкаруу доорунда бир катар ынгайсыз өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
Гүлстан хан сарайы азыркы учурда 5/4 гектар (алгачкы курулуш аянтынын 1/3 бөлүгү) аймакта Тегеран шаарынын бир бөлүгүндө жайгашкан, ал эми сарайдын айланасы толук бойдон жаңы имараттар менен куурчалган.
=ЮНЕСКОго катталуусу=
Гүлстан хан сарайы 23-июнь 2013-жылы ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмунун комитетинин Камбожа мамлекетинде өткөн 30-жыйынынын негизинде бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегинде катталган
Аталган хан сарай 2007-жылы ЮНЕСКО уюмуна жиберилген документтер андагы эксперт жана адистер тарабынан 37-жыйынында кабыл алынып дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Буга чейин маданий мурастар уюмунудагы катоо коркунучун туудуруруп жаткан нерсе, Гүлстан хан сарайынын бийик жерде жайгашкандыгына байланышчуу болчу. Бирок, бир топ маселелерди карап чыккандан кийин, ЮНЕСКОнун адистери бул хан сарайды Ирандын 16-тарыхый курулушу катары каттоодон өткөзгөн.
=Сарайдагы сакталып калган курулуштар=
Шамс ул Имара (күн имараты)
Даңк залы
Айнек залы
Мрамор тактысынын балкону
Мрамор тактысы
Жазгы үй
Абяз сарайы
Каримхани курулушу
Шамаал имараты
Аж залы
Алмаз залы
Бриллиант залы
Шамаал имаратынын жазгы үйү
Сарайдын аймагында курулган байыркы курулуштар (оңдоо)
Кире бериш имараты
Насиринин уктоо бөлмөсү
Хакан Магфур залы
Чыгуу имараты
Сандыккана жана падыша бөлмөсү
Такие¢и Дулат
=Сарайда болуп өткөн тарыхый окуялар=
Кажар падышаларынын таажы кийүү аземдери, мисал катары, Ахмад шахтын мрамор тактысынан таажы кийиши.
Музаффар ад Дин Кажар шахынын шамаал имаратынан таажы кийүү аземи
Шахтын катышуусу менен Гүлстандын бриллиант бөлмөсүндөгү 1-жыйындын ачылышы
Такие¢и Доулат бөлмөсүндө Кажар династиясынын кыйрашы жана Пахлави династиясынын түптөлүшү
Мрамор тактысындагы Реза шахтын алгачкы белеги
Атак залында Реза Пахлавинин таажы кийүү аземи
Мухаммад Реза Пахлавинин таажы кийүү аземи
=Сарайда жашаган шахтардын ысымдары=
Ага Мухаммад хан Кажар
Фатх Али шах Кажар
Мухаммад шах Кажар
Насир ад Дин шах Кажар
Музаффар ад Дин шах Кажар
Мухаммад Али шах Кажар
Ахмад шах Кажар
=Ошондой эле =
Эрге Тегеран
Илимдер академиясы
Тупкана майданы
Насир Хусру көчөсү
Аты | Гүлстан хан сарайы |
Өлкө | Иран |
Тарыхый мезгил | Кажарлар доору |







