Жылдын эң узун түнү: Бишкекте Шабе Ялда майрамы өттү

20-декабрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги Маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган байыркы перстердин Шабе Ялда майрамын (кыштын башталышынын майрамы) майрамдоо аземи болуп өттү.
Шабе Ялда же “Ялда түнү” жылдын эң узун түнүндө – 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү белгиленет. Зороастризм салтынан келип чыккан бул байыркы майрам жаңы күндүн төрөлүшүн билдирет. Бул ысымдын өзү сириялык сөздөн келип, “төрөлүү” дегенди билдирет.
Иш-чарага маанилүү коноктор, анын ичинде Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузар Тогани, ошондой эле окутуучулар жана студенттер катышты.