Мохаммад Мехди Иманипур мырзанын диний аалымдар менен илимпоздорго кайрылуусу,

  • Баштапкы дата : Jul 8 2025
  • Акыркы дата : Jul 8 2025
Мохаммад Мехди Иманипур мырзанын диний аалымдар менен илимпоздорго кайрылуусу,

Иран Ислам Республикасынын Саясат жана Конфессиялар аралык баарлашууну координациялоо кеңешинин төрагасынын дин тармагында кадыр-барктуу инсандар менен дүйнөдөгү диндердин жолдоочуларынын аалымдарына кайрылуусу

2025-жылы 13-июнь жума күнү таң эрте дүйнө жүзү, сионисттик баскынчы режим Иран Ислам Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендигин бузуп, калк жашаган аймактарга, анын ичинде атомдук илимпоздордун жана жогорку даражалуу аскер чиновниктердин үйлөрүнө кол салып, натыйжада бейкүнөө балдар менен аялдар ажал тапкандары жөнүндө дүйнө күбө болду.

Сионисттик режимдин бул кылмышы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жоболорун бузуу гана эмес, Ислам Республикасына каршы ачыктан-ачык зулумдук болуп саналат.

Дүйнөлүк илимпоздор жана диний аалымдар!

Эл аралык институттардын аракетсиздиги, алардын натыйжасыздыгынан улам кимдир бирөөлөр медиа атмосфера түзүү аркылуу зордук-зомбулук менен адам өлтүрүүгө укук бергендиги жөнүндө кабар берет.

Улуу урматтуулар!

Сионисттик режимдин өзөктүк объектилерге ачыктан-ачык кол салуусу көз жаздымда калтыра турган маселе эмес.Сионисттик режимдин бул авантюризми аймактагы согушту тутантат жана бул апаатты чечүү үчүн шашылыш кадамдарды таштоо момундардын олуттуу милдети. Албетте, Иран Ислам Республикасы өзүн-өзү коргоо үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөргө ээ жана аны акыркы бир нече күндө сионисттик режимдин агрессиясына аз түрдө жооп берүүгө аргасыз болду, бирок бул жолду дүйнө тынчтыгынын кызыкчылыгына же Аллахтын ыраазылыгына ылайык деп эсептебейт. Бардыгына маалым болгондой, Ислам Революциясынын Улуу жол башчысы массалык талкаланууго учуроо ыктымалдыгынан улам өлкөбүздүн өзөктүк тармагында иш алып барган жооптуу аткаминерлерге өзөктүк курал жасоого тыюу салды жана Иран Ислам Республикасы диний жана гуманитардык стандарттардын алкагында өзүнүн жакшы ниетин көрсөттү.

Мындай шарттарда эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка кызыккан дүйнөнүн диний бийликтери жана ойчулдары бул кылмыштуу агрессияны дароо айыптап, глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту болуп көрбөгөндөй коркунучка дуушар кылган бул коркунучтуу авантюрага каршы шашылыш жана жамааттык чараларды көрүлөрү зарыл.

 

Мохаммад Мехди Иманипур,

Иран Ислам Республикасынын Саясат жана Конфессиялар аралык баарлашууну координациялоо кеңешинин төрагасы

 

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: