Фарсы тили боюнча университеттер аралык олимпиада

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгү жана Саади фонду менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети биргелешип, 2025-жылдын 21-февралында, аталган К.Карасаева атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде фарс тили боюнча олимпиада болуп өттү. Ага К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз-Орус Славян университетинде жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде фарсы тили бөлүмүндө окуган студенттер, ошондой эле атайы фарсы тили курсуна катышкан фарсы тилине кызыгуучулар болуп, 90дон ашык адам катышты. Аталган олимпиада баштапкы жана орто деңгээлдеринде өттү.
Бул иш-чара жыл сайын 21-февраль күнү белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулуп, жыйынтыгында баштапкы деңгээлден 5 студент жана орто деңгээлден 4 студент мыкты деп табылып, баш байгелерди жеңишти, ал эми андан тышкары жогору упай алган 15 студент кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.