• Mar 11 2024 - 10:10
  • 14
  • Окуу убактысы : 1 minute(s)
Ак Багыт коомдук фонду тарабынан өткөн Мусулман айым сынагы

Мусулман айым сынагы

2024-жылдын 29-февраль күнү “Ыйман” мечитинде “Аг Багыт” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Мусулман айым” сынагына катышкан жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул аземге Кыргызстандын муфтийинин орун басары Кары Самиуддин жана Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани мырзалар аземдин атайын коногу катары катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.
Бул сынак 15-январдан баштап социалдык тармактарда төмөнкү 2 багыт боюнча өттү:
1) Мусулман айымдын кийими ( хиджаб) сиздин жашооңузда.
( жумушта, көчөөдө, коомдук жайларда )
2) Динибиздеги мусулман айымдын үй-бүлөдөгү милдеттери. ( эркекке баш ийүү ( итаат) мисалында).

Ошентип, катышуучулар Instagram баракчасына #musulmanayim хештеги менен 1-2 мүнөттүк видеону жарыялашкан. Бул сынакта биринчи орунга 500 доллар, экинчи орунга 300 доллар, үчүнчү орун 200 доллар жана башка сыйлыктар ыйгарылды.
Инстаграмда мусулман аял хэштеги менен 200дөн ашык эмгек даярдалып, калыстар тарабынан сунушталган 10 эмгек татыктуу деп табылып, акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, бул сынак “Аг Багыт” коомдук фонду менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы биргеликте жана Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн каржылык колдоосу менен исламдык жашоону колдоо максатында уюштурулган.

aboozar toghani

aboozar toghani

Сүрөттөр

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: