Иран тасмалары күндөрүнүн алкагында эки өлкөнүн кино тармагында тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүү болду

  • Баштапкы дата : Mar 10 2025
  • Акыркы дата : Mar 10 2025
 Иран тасмалары күндөрүнүн алкагында эки өлкөнүн кино тармагында тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүү болду

Иран Республикасынын Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысынын жана Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин директорунун кыргызстандык кинопродюсерлери менен жолугушуп, баарлашышты

 18-феврал күнү, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө ирандык тасмалардын көрсөтүлүшүнүн экинчи күнүндө көрүүчүлөргө «Ганорадан келген жүргүнчү» жана «Алдын ала макулдашуусуз» аттуу анимациялык тасмалар тартууланып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк алды. 

Эки тасманын ортосундагы тыныгууда Ирандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани жана Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев сөз сүйлөп, эки өлкөнүн кино тармагындагы тажрыйба алмашуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып, жергиликтүү кино жана телесериалдардын продюсерлеринин суроолоруна жооп беришти. Улан Адамалев Иран киносунун күндөрү экинчи жыл катары менен Кыргызстанда жаңы жылдын биринчи кино жумалыгы болуп жатканын билдирди.

Бул жолугушууда көтөрүлгөн эң маанилүү маселелер катары Ирандагы кино тармагынын абалы, кол коюлган меморандумдун негизинде эки өлкөнүн координациялоо жана биргелешкен программалары, Иранда жеке жана биргелешкен кино тартуу потенциалынын бар экендиги жана бул жаатта Ирандын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, ошондой эле Иран киносун Кыргызстанда жана кыргыз тасмаларын Иранда жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз сүйлөштү. 

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: