Кыргызстан куурчак театрынын Эр төштүк спектакли Иранда коюлду
М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Ирандын борбор калаасы Тегеран шаарында өткөн Эл аралык «Мобарак» куурчак театрларынын фестивалына элдик эпостун негизинде Алтынай Темирова жазган «Эр Төштүк спектакли менен үзүрлүү катышып, ирандыктар тарабынан эң жогору бааланды. андан тышкары Иран ислам Республикасынынмаданият министрлигинин жардамчысы Надере Резайи айым менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчилигинен эстелик кубогун алышты.