Фарсы тили боюнча олимпиада болмокчу

  • Баштапкы дата : Mar 10 2025
  • Акыркы дата : Mar 10 2025
Фарсы тили боюнча олимпиада болмокчу

Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси фарси тили мугалимдери менен Кыргызстанда фарсы тили боюнча олимпиадасын өткөрүү маселесин талкуулады.
 
Бейшемби күнү, 16-январь күнү Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин  Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси доктор Абузар Тогани Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүндө фарсы тили мугалимдерин кабыл алды.
 
Жыйында жергиликтүү университеттерде фарсы тилин окутуунун учурдагы абалын талкуулоо менен катар февраль айынын аягында фарсы тили боюнча олимпиада өткөрүү маселеси көтөрүлүп, ага окутуучулардын катышуусунда даярдыктарды баштоо чечими кабыл алынды.

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: