_1.jpg)
Фесенжан
Күруч (хорешт) менен берүү үчүн ар кандай чыктарды (подлив) даярдоо иран ашканасынын өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Иранда чыктарды эт, көк өсумдүктөрү жана ар кандай татымдарды кошуу менен даярдашат. Бүгүн биз Фесенжан тамагын кинтип даярдоо ыкмасын айтып бермекчибиз.
6-7 адамга фесенжан тамагын даярдоо үчүн: 1 кило анча чон эмес бөлүкчөлөргө бөлүнгөн тооктун төш жана бут эти, грек жаңгагы, 2 пияз, 2-3 стакан анар ширеси, 2-3 кашык майда шекер, биртике шафран тундурмасы, өсүмдүк майы жана туз.
Даярдоо ыкмасы:
Тууралган тооктун этин өсүмдүк майына кууруп,
Өзүнчө идишке майда тууралган пиязды кууруп, ага грек жаңгагын кошуп 5-6 мүнөт кайнатабыз, андан соң анар ширеси, майда шекер, шафран тундурмасын жана туз (татымы менен) кошобуз. Аралашма кайнап чыккандан кийин, идиштин капкагын жаап кичине отто 30- мүнөт кайнатабыз. Андан соң, куурулган тооктун этин кошуп дагы жарым саат кайнатабыз. Даяр фесенжан кою консистенциясына ээ.
Бул тамакты даярдоодо анар ширесинин оордуна анар пастасын, кургатылган кара өрүк, майда шекер,лимон ширесин кошсо болот. Бул анын даамына карата болот.
Андан тышкары бул тамакты тоок этинин оордуна балык фрикаделькасынан да жасоого болот. Ирандын түндүктө жайгашкан шаарларында балыктын көптүгүнө байланычтуу фесенжан тамагын балык этинен да даярдашат.
Аты | Фесенжан |
Өлкө | Иран |
.jpg)
.jpg)