Пайгамбарыбыздын (САВ) 1500 жылдыгына карата

Пайгамбарыбыздын (САВ) 1500 жылдыгына карата

Пайгамбарыбыздын (САВ) 1500 жылдыгына карата

بسم الله الرحمن الرحیم

 «Мухаммед (САВ): 1400 жыл мурун аялдардын укугун өзгөрткөн инсан”[1]

Биздин замандын VII-кылымында, кыз төрөлсө уят, ал эми аял сатуу же сатып алуу буюму катары колдонулган жерде “Бейиш энелердин таманынын астында” деген ураан менен өзгөртүү киргизген инсан пайда болгон. Анын аты Мухаммад (САВ) болгон.   

Бул окуянын уландысы бар...[2]

Исламга чейин Араб өлкөлөрү коомчулугунда, аялдардын абалы оор болгон:

  • Кыздар тирүүлөй көмүлгөн
  • Аялдардын өз укуктары болгон эмес
  • Аялдар буюм сыяктуу эле мурас катары бериген.

Бирок Мухаммад (САВ) өзүнүн даанышмандыгы менен баардыгын өзгөрткөн.  Ал бир гана бул жоосунга тыйуу салуу менен чектелбестен, аялдарга ошол кездеги өнүккөн цивилизацияларда болуп көрбөгөндөй укутарды белгилеген:

Мухаммад (САВ) алгачкы болуп араб өлкөлөрүнүн тарыхында аялдарга “махр” – накталай эмес, өзүлөрүнө гана таандык каржылык укук берүү керек экенин жар салып, “Аялдарга махрды толук бергиле” деген.

Мухаммеддин (САВ) жубайы Хадича динге өткөн биринчи аял эле эмес, анын финансылык жана таасирленткен кеңешчиси болгон. Мухаммад (САВ) кийин мындай деген: "Ааламдагы эң мыкты аялдар - Мариям менен Хадича".

Ошол мезгилде аялдар Мухаммедге (САВ) берилгендигин билдирип, пайгамбарлыкты кабыл алуу менен таанууда, жана ислам коомун башкарууга катышуу укугуна ээ болушкан.

Мухаммеддин (САВ) кызы Фатиманын деңгээли абдан жогору болгондуктан, атасы анын урматына ордунан турган. Ал кыздар коомдо аалым, адеп-ахлак жактан үлгү жана каршылык көрсөтүүнүн символу боло аларын көрсөткөн.

Мухаммад (САВ) ачык айткан: “Өз макулдугусуз турмушка чыккан айымдын никеси жараксыз”. Бул ошол кездеги көптөгөн цивилизацияларда айымдарды никеге турууга мажбурлаган доорго карабастан болгон.

Мухаммед (САВ) кеңири жайылган ишенимдерге карабастан, аялдарга мүлккө ээ болуу жана соода-сатык кылуу укугун берген. Тарыхта Мединада көптөгөн мусулман аялдар соода-сатыкта чоң ийгиликтерге жетишишкен.

Азыркы өнүккөн коомдордо аялдарга берилген укуктардын көбү 1400 жыл мурун Мухаммед (САВ) тарабынан киргизилгенин билесизби?

Бүгүнкү күндө коомдогу көптөгөн жетишкендиктер аялдарга таандык экенин жана аны 1400 жыл мурун Мухаммад (САВ) киргизгенин билчү белеңиз?

Балким, тарыхтын туңгуюкка баткан доорунда  аялдардын укугу үчүн жарык чачкан бул тарыхий инсанды жакындан таанып билүүгө убакыт келгендир.

"Мухаммед (САВ) чыныгы цивилизация аялдын кадыр-баркы, керемети таанылган жерден башталарын далилдеди".

 



[1] Автор – Сейде Наржес Омрани

[2] Бул эскертүү мусулман эместертерге арналат жана баяндоо атайы интернет желелеринде колдонууга арналган.

Аты Пайгамбарыбыздын (САВ) 1500 жылдыгына карата
Өлкө Иран

Islamic Culture and Communication Organization is one of the Iranian organizations which is affiliated to the Ministry of Culture and Islamic Guidance; and was established in 1995.[Дагы]

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: