Тегерандагы музыкалык музей

Тегерандагы музыкалык музей

Тегерандагы музыкалык музей

Тегеран музыкалык музейин жөнүндө

Тегеран музыкалык музейи Тегеран шаарындагы эң кызыктуу жана эң белгилүү музейлердин бири катары эсептелинет. Бул музейде салттуу жана жергиликтүү музыкалык аспаптар, анын ичинде үйлөмө, кылдуу чертме жана урма аспаптар көргөзмөгө коюлган. Андан тышкары аталган музейде Мирза Абдулла Фарахани, Устат Эшги, Насер ад-Дин Шах Кажар жана Мажид Киани сыяктуу Ирандын атактуу музыканттары белеке тартуулаган аспаптар да бар.

Тегеран музыкалык музейинин архитектуралык түзүлүшү

         Тегеран музыкалык музейи 3630 метрлий аймакта жайгашкан, анын  инфраструктурасы 1400 квадрат метрди түзөт. Музей үч кабаттан туруп жергиликтүү калкты салттуу, ирандын классикалык жана элдик музыкалары менен тааныштырат.  

Музыкалык музейдин имараты өзүнүн ажайып архитектуралык түзүлүшү менен көпчүлүктүн көз жоосун алып, суктандырат. Чындыгында, имарат 1972-жылдарда адам жашаган үй катары салынган жана болжол менен 37 жылдан кийин музыкалык музейга ыңгайлашып өндөлуп, түзөлгөн.  

Башкача айтканда 1972-жылы Тегеран шаарындыны атактуу адамдарынын бири Сирус Самурад, шаардын Тажриш аймагына Сыйынуу багы деген ат менен абдан кооз, ажайып имарат курдурган.  Ал эми Ирандагы ислам революциясынан кийин аталган имарат Жапа чеккендер фондуна өткөрүлүп берилген.

Ал эми 1993-жылы Мортаза Каземи, Али Морадхани жана Сейид Мухаммад Бехешти сыяктуу  маданият жана өнөр кызматкерлери музыкалык музей уюмун ачышкан жана анын расмий ачылышы 2009-жылы 13-ноябрда өткөн. Ошентип аны башкаруу жана сактоо вазыйпасы музыка жаатында ийгиликтүү эмгектенген өнөрпоздордун бири  Али Морадханиге ыйгарылган.

Музейди ачуунун негизги максаты Ирандын музыкалык мурастарын сактап калуу, атагы чыккан музыканттарды калың журтка тааныштыруу жана ирандык музыкант-өнөрпоздордун баалуулуктарын сактоо болгон. Ирандагы музыкалык музей    эл аралык аудиовизуалдык жана технология комитетинин фетивалында күмүш медаль уткан.

Тегеран музыкалык музейинин түркүн коллекциялары

Музыкалык музейдин ичинде болжол менен 240тан ашуун музыкалык аспаптардын түрү сакталган. Музыкалык музейде аудио жана видео архиви, кесиптик китепкана, аудиовизуалдык бөлүм, музыкалык аспаптар көргөзмөсү залы, музейдин баалуу кенчтери, аспаптарды оңдоп калыбына келтирүүчү устакана, жазуу жүзүндө сакталып калган чыгармалар, жаздыруучу студия, амфитеатр жана кофеканалар бар.

  1. Музыкалык аспаптар залы

Музыкалык музейдин алдыңкы кабатында көргөзмө залы жайгашкан. Бул жакта салттуу, үйлөмө, кылдуу чертме, урма музыкалык аспаптардын түрлөрү көргөзмөгө коюлган.

Салтуу жана урма музыкалык аспатарга тонбак, дохол, коңгуроо, сантур жана даф жана башкалар кирет. Бул аспаптардын арасында атагы далайга таанылган, белгилүү музыканттарга таандык аспаптар жана да сантурда ойногон Мажид Кианинин сантуру, Ирандын музыкалык аспаптарынын энциклопедиясын түзгөн Мохаммад Реза Дариушилерге таандык эмгектер да бар. 

  1. Салтуу жана классикалык аспаптар

Салттуу музыкалык аспаптар залы имараттын биринчи кабатында жайгашкан. Ал аспаптардын түрлөрү се тар, тар, сантур, кылдуу аспаптар, кеманче ж.б. сакталган.

Андан тышкары Ирандын салттуу жана классикалык кол өнөрчүлүгүнүн жыйнагынын арасынан Иран музыкасынын белгилүү устаты Ибрахим Ганбари Мехрдин кол өнөрчүлүгүнө таандык музыкалык аспаптарды жана да белгилүү өнөрпоздор Мирза Абдалла, Насир ад-Дин Шах Кажарлардын сетарлары жана Хосейн Малектин сантуру, Яхиянын тары да көргөзмөгө коюлган.

  1. Музей кенчтери

Музейдин баалуу кенчтерине, байыркы музыкалык аспаптар жана  музыка жаатында талыкпай эмгектенип, атагы чыккан устаттардын берген белектери да кирет. Анын ичинде белгилүү оркестр дирижеру Хешмат Санжариге таандык саат, капчык,   Али Тажвидиге таандык баш кийим, устат Эшги, Ахмад Абади, хаж Гурман Солеймани,  Али Накий Вазири, Хатере Парване сыякитуу белгилүү өнөрпоздорго тааандык музыкалык аспаптар жана да  Мухаммад Тагахи Масудиеге тааандык стол үстүнө коюлуучу жылнама көргөзмөгө коюлган.

Музыкалык музейдеги баалуу кенчтер, музыкалык аспаптар өзүнө байыркы тарыхты камтып, ирандын мукам үндүү музыкаларын жараткан аспаптар катары белгилүү болгон жана ирандыктардын мукам үндүү байыркы күүлөрүн  жаңы муунга тартуулап келет.

Аты Тегерандагы музыкалык музей
Өлкө Иран
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: