Гомбеде-Кавус мунарасы

Гомбеде-Кавус мунарасы

Гомбеде-Кавус мунарасы
Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Иранда жайгашкан
Гомбеде-Кавус мунарасы - Ирандын Голестан провинциясынын Гомбеде-Кавус шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган. Ал 1006-жылы Зияриддер династиясынын башкаруучусу Шамс ал-Маали Кабустун күмбөзү катары курулган. Бул тууралуу Ирандын маалымат булактары жазды. Мунаранын бийиктиги 55 метр жана ал бийиктиги 10 метрден ашкан жасалма платформанын үстүндө турат. Мунаранын жалпы бийиктиги 72 метр. Бышкан кыш менен курулган Гомбеде-Кавус дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара болуп эсептелинет. Курулуштун ичи көңдөй жана дубалдарынын жоондугу 3 метрден бир аз ашат. Мунаранын формасы он бурчтуу болуп, чатыры учтугуй болуп салынган. Анын асты жагынын диамери  17 метр болсо, үстү жагынын диаметри 15,5 метр болуп өйдө карай ичкерип кетет. Мунаранын ичине бир гана чыгыш тараптан кирүүгө болот. Анын ылдый жагында араб тилиндеги жазуулар бар, анда бул курулуш Зияриддердин башкаруучусуна таандык деп жазылып турат. Бул тарыхый эстелик 2012-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган.
Аты Гомбеде-Кавус мунарасы
Өлкө Иран
ОбластьГолестан
ШаарГонбад-е Кавус
ТүрүТарых
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: