Фаляк-оль-Афлак сепили
Ирандагы Сасаниддер доорунан калган Фаляк-оль-Афлак сепили
Фаляк-оль-Афлак - Ирандын түндүгүндө Лурестан провинциясындагы байыркы Хоррамабад шаарынын борборундагы дөбөнүн чокусуна курулган сепил. Ал Сасаниддер династиясынын тушунда курулган. Тарыхый жазма булактарда сепилдин Шапур-хаст же Сабер-хаст , Хуррамабад деген ар кандай аталыштары болгондугу айтылган. “Фаляк-оль-Афлак” “Асмандардын асманы” деген маанини түшүндүрөт. Сепил аймактык башкаруу борбору катары ал тургай, караван-сарай болуп дагы колдонулган. Курулуш 5300 чарчы метр аймакты ээлеп турат.
Бүгүнкү күнгө чейин анын алгачкы 15 мунарасынын 8и эле сакталып калган. Анын дубалынын эн бийиги 22,5 метрди түзөт. Сепилдин бийик дубалдарынын үстүнөн бүтүндөй Хоррамабад шаарын көрүүгө болот. Сепил бийик дөбөнүн чокусуна жөн жерден курулуп калган эмес: ал нымдуулукка туруштук бере албаган материалдан курулган, бийик дөбөдө сепилдин дубалдары шамалда желдеп, нымдуулуктун сакталып турушуна жол бербейт. Анын короолорунун биринде 40 метр тереңдикте кудук бар, бүгүнкү күндө андагы сууну колдонууга болот. Учурда сепилдин аймагында хамам (мончо) жана эки музей бар. Кереметтүү сепилди көрүүгө жыл бою өзгөчө жаз жана жай мезгилдеринде көптөгөн туристтер агылып келет. Бул тарыхый мурас ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Аты | Фаляк-оль-Афлак сепили |
Өлкө | Иран |
Область | Лорестан |
Шаар | Хоррамабад |



