Шираз шаары

Шираз шаары

Шираз шаары

Шираз шаары – Ирандын түштүгүндө жайгашкан шаар жана Фарс провинциясынын административдик борбору.  Калкынын саны боюнча алтынчы орунда туруп, 2026-жылга карай 1 869 001 адам жашаган. Шираз шаары Фарс провинциясынын борбордук аймагында, Хошк дарыясынын жээгинде жана Загрос тоолу аймагында жайгашкан. Бул шаар Дерак тоосунун батыш тарабында, түндүк тарабынан Баму, Сабзпушан, Чехел Магам жана Бабакухи тоолоруна чейин жайгашкан. Бул жерлер Иран цивилизациясынын эң байыркы борбору болуп эсептелет. Тиразис шаары жөнүндө биринчи эскерүү биздин заманга чейинки 2миң жылдыктын башына туура келет. «Шираз» деген аталышы тарыхый китептерде жана документтерде «Торасиз», «Чираж» жана «Ширазе» сыяктуу түрдүү аталыштар менен кездешет. Бул шаардын түпкү жери Абу Наср сепилинин ордунда болгон. Шираз азыркы ордуна Омейяд бийлигинин тушунда көчүрүлүп, Фарстын эски борбору Истахардын талкаланышынан улам гүлдөп өскөн. Бул шаар Сабкари, Сафари, Аль-Бойе жана Зандия доорунда Ирандын борбору болгон. 1766-1791-жылдары Зенддин тушунда Персиянын борбору аталган.

Шираз акындардын, ажайып гүлдөрдүн жана шараптын шаары катары белгилүү. Бул орто кылымдагы Ирандын көрүнүктүү маданият ишмерлеринин галактикасынын туулган жери: Хафиз, Саади жана башкалар. 1979-жылдагы революцияга чейин ал шарап чыгаруучу ири борбор болгон. Учурда бул нефть жана электроника өнөр жайынын, ошондой эле туризмдин борбору. Шираз өзүнүн салыштырмалуу жумшак климаты жана көчөлөрдөгү жашыл бактардын көптүгү менен белгилүү. Шаар Куранда берилген акырет бактарынын сүрөттөлүшүнө ылайык уюштурулган оазистери менен да белгилүү.

Ал эми Фарс провнициясы – Ахаменид династыясынын убагында Тахт-е Жамшид деп аталган. Фарс облусунун борбор болуп  иран цивилизациясынын байыркы борбор калаасынын бири Шираз шаары эсептелген. “Фарс” аты ахаменид жазууларында “Парсе” ал эми грек жазууларында “Персис”, кийинчерээк европалыктар “Персис” же болбосо “Персия” деп ката колдоунп башташкан.  Ахаменид династиясы убагында Парс Ирандын боробор калаасы болгон.  Сафариян жана Азад-уд-Довле Дейлами Шираздын курулушуна көптөгөн салым кошушкан. Андан соң Керим-хан Зенд Шираз шаарын борбор калаа кылган. Ошол заманда Шираз шаары оркүндөп өсүп өсүүнүн ту чоккусуна жеткен. Ал эми Тегеран шаары менен шираз шаарынын аралыгы 895 километрди түзөт.

Аты Шираз шаары
Өлкө Иран
ОбластьFars
ШаарШираз

Islamic Culture and Communication Organization is one of the Iranian organizations which is affiliated to the Ministry of Culture and Islamic Guidance; and was established in 1995.[Дагы]

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: