
До табле
До табле
Бул музыкалык аспап эки кичине жана чоң барабандан жасалган. Бул аспапты согуш маалында күрддөр колдонушкан. Аны аттардын моюнуна илишкен жана алар аскерлерди согуштук аракетке чакыруу, ошондой эле жоокерлерге моралдык колдоо көрсөтүү, согуштук маанайды түзүү үчүн колдонушган. Бул аспап темирден жасалган эки нерседен туруп, үстүнкү бети тери менен капталган. Эки барабан бир бири менен эки териден жасалган бөлүк менен кошулган. Чоң барабандын үнү кичинесине караганда жоонураак жана катуурак чыгат. До-Табле индиялыктардын барабанына окшош келет, болгону анын үнү бийик чыгып, колдун манжалары менен ойнолот.
Аты | До табле |
Өлкө | Иран |
Түрү |

