
Танбур
Танбур
Бул музыкалык аспап Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө чейин 1500-жыл мурун эле белгилүү болгон. Бул аспап жөнүндөгү эскерүүлөрдү ар кандай тарыхый доорлордо жолуктурууга болот. Ал кылдуу чертме музыкалык аспаптардын эң белгилүүсү. Алмурут формасындагы танбур музыкалык аспабын алгач Иран менен Сирияда жасашкан, андан соң Турция менен Греция аркылуу батышка да жеткен. Ал эми Мисирде бул музыкалык аспапты тегерек формада жасашат. Бүгүнкү күндө танбур жергиликтүү улуттук аспап катары эсептелип, мойну узун жана сетарга окшош чоң табагы бар музыкалык аспап. Бул аспап үч кылдуу, төрт капталдуу келип, тырмактардын учу менен ойнолот. Музыканттар бул аспапты күрд жана керманшах дервиштеринин диний музыкалык жөрөлгөлөрүн аткарууда колдонушат.
Аты | Танбур |
Өлкө | Иран |
Түрү |





