Гейме

Гейме

Гейме

Иран дасторконунда күрүчкө кошулуп берилүүчү  “кейме” соусун жасоо ыкмасы менен таанышасыздар. 

Бул тамакты жасоо үчүн (5-6 кишиге)

500 гр. койдун же уйдун сулп эти,

1 баш пияз, буурчак, 3-4 помидор жана 1 аш кашык томат керектелет.
Ошондой эле 3-4 картошка,

1 лимон,

4 аш кашык суу май, куркума же шафран, татымына жараша туз менен калемпир даярдоо керек.
Даярдоо ыкмасы:
Казанга майды ысытып алып, биринчи майда тууралган пиязды куууруйбуз. Майда тууралган этти кошуп дагы бир канча мүнөт кууруп алабыз. Андан соң азыраак суу кошуп, 1-2 саат бышырабыз. Бышарга жакын өзүнчө кайнатылып бышырылган буурчакты кошуп,
татымына жараша лимон, куркума же шафран, туз, калемпирди салып, майда тууралган помидор менен томат пастасын кошуп, коюлганча кайнатабыз. Ал эми картошканы узун тилке кылып кесип, өзүнчө майга кызарта кууруп, бышкан тамакты берер убакта кошо дасторконго коебуз.

Аты Гейме
Өлкө Иран
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: