Тах чин

Тах чин

Тах чин

Бул даамдуу тамакты жасоо үчүн (6-8 кишиге) керектелүүчү нерселер:
  1кг. күрүч. 
2 кг. кой же 1,5 кг. тоок эти.
1кг. коюу айран.
 2 чай кашык майдаланып, кайнак сууга аралаштырылган  шафран.
5-6 жумуртка жана май.
Даярдоо ыкмасы
Этти кайнатып, сөөктөрдөн бөлүп алабыз.
Айранга жумурткаларды чалып, шафрандын жарымын куюп аралаштырабыз. Андан соң аны бышкан этке кошуп, бир нече саат коюп коебуз.
Күрүчтү сүзүп алып, 3 кепкир күрүчтү 3 аш кашык өсүмдүк майы менен аралаштырып, мискейге салабыз, андан соң үстүнө эт, жумуртка,  шафран аралаштырылган айрандын жарымын  куябыз.  Үстүн тегиздеп, дагы үстүнө сүзүлгөн күрүчтү салабыз.  (Ушинтип күрүч түгөнмөйүнчө катарлаштырып жайгаштыра беребиз)  Эң үстүнө айран аралашмасын куюп, тегиздеп , жарым стакан суу кошуп, 1,5-2 саатка аз от жагып   демдеп коебуз.
Тачинди духовкада 350 градус тап менен даярдаса да болот. Эске сала кетүүчү нерсе, Тачинди канчалык узагыраак бышырса, ошончолук түбү калыңыраак болот. Даяр болгон тачинди чоң терең табакка коңторуп алабыз. Тамакты  куурулган барбарис менен кооздоп, дасторконго койсо болот.

Аты Тах чин
Өлкө Иран
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: