
Хорешт
Ирандын улуттук ашканасы - дүйнө жүзүндөгү байыркы ашканалардын бири жана өтө оригиналдуу болуп эсептелет.
Иран ашканасындагы өзгөчөлүктөрдүн бири бышырылган күрүч үстүнө куюла турган түрдүү соустарды фарсыча айтканда хорешт даярдоо.
Иранда соустарды эттен, көк чөптөрдөн, буурчактын түрлөрүнөн кошуп даамдуу жасашат.
Фесенжан хурешт (соус) жасоо үчүн (6-7) кишиге керектелүүчү азыктар:
1 кг. тооктун (ирик тууралган) төшү эти менен сан эттери
500 гр. тазаланып, майдаланган жаңгак
2 пияз, 2-3 стакан анар ширеси
2-3 кашык шекер, азыраак шафран аралашмасы, май, туз.
Даярдоо ыкмасы:
Тооктун этин казанга кызартып кууруп алабыз. Ал эми майда тууралган пиязды өзүнчө кууруп, жаңгактарды кошуп, дагы 5-6 мүнөт кууруйбуз. Андан соң анар ширесин, шекер, шафран эритмеси менен туз кошобуз. Аралашмалар кайнаган соң, капкакты жаап, кичине отко 30 мүнөт кайнатабыз.
Андан соң куурулган этти кошуп, дагы жарым саат бышырабыз. Даяр “фесенжан” кою соуска айланат.
Бул тамакты жасоо үчүн анар ширесинин ордуна анар пастасын, кургатылган кара өрүк колдонсо болот.
Ошондой эле тоок ордуна эт фрикаделькасын кошсо болот.
Ал эми Ирандын түндүк аймактарында балык арбын болгондуктан, “фесенжан” тамагын балыктан да жасашат. Бул даам балыкты жакшы көргөндөрдүн табитин ачат.
Аты | Хорешт |
Өлкө | Иран |

