
Тахте Сулейман (Сулайман тактысы)
Тахте Сулейман (Сулайман тактысы)
Тахте Сулейман (Сулайман тактысы) – Ирандагы эң белгилүү жана уникалдуу археологиялык комплекстердин бири болуп саналат. 2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилген. Дал ушул аймакта зороастризмдин негиздөөчүсү Заратуштра жарык дүйнөгө келген деп айтылып жүрөт. Бул байыркы тарыхый эстелик Батыш Азербайжан провинциясынын Текаб шаарчасына жакын жайгашкан. Тахте Сулейман комплекси көлдөр жана термалдык булактар менен курчалып турат. Ошондой эле анын жанында байыркы күмбөздөр жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан. Комплекстин ичинде отко сыйынуучулардын ибадатканасы Азергошасб жайгашкан. Ал Сасаниддер династиясынын тушунда (226-651-жылдары) курулуп, бир гана зороастралар сыйынган ыйык жер болбостон, ошондой эле падишахтарды такка отургузуу аземин өткөрүүчү жер да болгон. Эмне үчүн комплекс Тахте Сулайман деп аталып калган? VII кылымда бул жерди арабдар басып алган. Зороастралыктар ибадатканасын кыйратуудан сактап калуу үчүн, Сулейман (Соломон) падышасы ибадатканадан алыс эмес Соломондун түрмөсүнө (Зендане-Солейман) жиндерди түбөлүккө камап койгон жана Азергошасбдын дубалдарына көлмө курган деп уламыш ойлоп табышкан. Уламыштын пайдасы тийип, басып алуучулар Сулаймандын жасагандарына урмат-сый менен мамиле кылышып ибадаткананы талкалашкан эмес. Андан сырткары, бул жерге Сулаймандын тактысы деген ат беришкен. Бирок кийин бул ибадаткана монголдордун кол салуусуна дуушар болгон, ошентсе дагы кийинчирээк кайрадан калыбына келтирилген. Бул тарыхай курулуш бир жылдар бою ээн калган, бирок XIII кылымда бир нече убакытка монголдор династиясы Хулагуиддердин жайкы сарайы катары колдонулган. Бүгүнкү күндө коплексттин айланасынан Сасаниддер доорунда курулган талкаланып калган Шиз шаарынын урандыларын көрүүгө болот.
Аты | Тахте Сулейман (Сулайман тактысы) |
Өлкө | Иран |











