Перс миниатюрасы

Перс миниатюрасы

Перс миниатюрасы

Байыртадан Иран өнөрпоздорунун искусствосу жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылып келген бирок перс миниатюрасы XVI кылымда Сефевид доорунда өнүгүп баштаган. Сүрөтчүлөр хан сарайлардын, керамикаларга ажайып сүрөттөрдү тартышкан. Айта кетсек байыркы заманда ислам чектөөлөрү толугу менен жок болуп, сүрөтчүлөрдүн ишмердүүлүгү чексиз болгон.

Бүгүнкү күндө Махмуд Фарсчиан сыяктуу миниатура өнөрпоздору дүйнө жүзүнө таанылган. Алардын сүйүктүү сюжеттери болуп Омар Хаямдын төрт сап ырларында чагылдырылган ирандын  чүрөктөй кыздары жана да табият жана чөлдөр, мечиттер, каравандар, Персиянын күнүмдүк турмушу чагылдырылган сүрөттөр тартылган. Махмуд Фарсиян боекторду өз колу менен даярдап, төөнүн сөөгүнө гана сүрөт тарткандыгы менен өзгөчөлөнгөн. Саргыч түстөгү төөнүн сөөктөрдөн кичинекей миниатюралар жасалып, ал эми сүрөт тартуу үчүн сөөктөрдү майдалап, атайы чаптагыч желимдердин  (клей) жардамы менен бир канча катмардан турган чоң барак жасашкан. Төөнүн сөөгүнөн жасалган барак жөнөкөй барактан мыкты сапаты менен айырмаланып, андагы түстөрдүн сапаты көп жылдар бою мыкты сакталган. Сүрөттөрдүн түсү жакшы сакталыш үчүн албетте айнеги бар камкада сактоо зарыл. Иран көркөм өнөр искусствосунун тарыхы байыркы доорлорго барып такалат. Мальяндын (Фарс) аскаларындагы жазуулар болжол менен 5 миң жыл мурун деп эсептелинет. Неолит доорунан дыйкан тургундары жашаган жерлердеги дубалдардагы жазуулар, сөөк жана терракотадан жасалган адамдардын, айбанаттардын сөлөкөттөрү, керамикадагы сүрөттөр, зооморфтордун идиштери сакталып калган.

Бизге жеткен уламыштарга таянсак, Ирандын биринчи сүрөтчүсү жана живопись искусствосун жаратуучусу Мани пайгамбар б.з. 210-276 жылдары жашаган манихейлердин гностикалык диний багыттын негиздөөчүсү   болгон. Анын күйөрмандары анын сүрөттөрдү сырдуу укмуштардын жардамы менен түзүлөт деп ишенишкен. Ефрат аралынын  түндүгүндө фрескалар (жаңыдан жасалган шыбакка суу боек менен тартылган сүрөт)  табылган жана алардын биринде мергенчилик чагылдырылган. Андагы атчан кишилердин жана айбанаттардын сөлөкөттөрү перс миниатюрасын эске салат. Б.з. 840-860 жылдарга таандык Кытай Түркестанындагы Галь чөлүндө табылган “Турфан” жазуулары да кызыгуу жаратат.

Ахеменид доорундагы декоративдүү-прикладдык искусство – алтын жана күмүш идиштер, зер буюмдар, мөөр, монеталар  айбанаттардын, мергенчилик, падышанын айбандар менен кармашы чагылдырылган ар кандай сүрөттөр оюп түшүрүлгөн.

Ал эми көркөм өнөр искусство боюнча  сасанид доорунда скульптура болуп Падыша Шапур I дин айкели, Мазендерандагы колодон жасалган айкелдер, Накше Рустам, Бишапурдагы  белгилүү аска рельефтери эсептелет. Декоративдүү скульптуралар имараттарды коозоодо анын маңдай жагына коюлган. Жасалгалар ар кандай дубал жазуулары, адамдардын жана куш, балык сыяктуу жаныбарлардын, падыша жортуулу жана шаан-шөкөттөрү мифологиялык жаныбарлар жана элдик уламыштардан алынган кубулуштар чагылдырылган сүрөттөр менен кооздолгон. Бул сюжеттердин баары миниатюралардын негизинде өнүккөн.

Персияда миниатюра искусствосунун өнүгүүсүн байкоого алуу өтө татаал, анткени ал монгол жана тимурид доорлорунда (13-16 кылым) өнүгүүнүн туу чогуусуна жеткен. Монгол башкаруучулары маалында  Иранда Кытай көркөм стили өнүккөн жана башкаруучулардын хан сарайларында кытай чебер усталар кызмат кылышкан, жада калса кагаз да Кытайдан алынып келинген. Андыктан б.з. 753 ж. перс салттык миниатюрасына, өзгөчө баштапкы доордо кытай искусствосунун чоң таасири тийгени таң калаарлык эмес.

Негизинен миниатюра иллюстрациялардын функциясын аткарган. Мындай көрүнүш көркөм тексти көрүү образдары менен толуктоого жана тексти окуп түшүнүүдө аны оңой жана жагымдуу кыла алган.

Адабият менен живопистин ортосунда өнүккөн миниатюра ар дайым өзүнө адабий жана поэтикалык өзгөчөлүктөрдү айкалыштырып келген. Иран адабияты көптөгөн сүрөтчү-миниатюристтерди шыктандырып, аларга демилге болуп келген.     

Ал эми 10-кылымдын аягында белгилүү жазуучу Фердоуси дүйнө жаралгандан баштап 7-кылымда арабдардын басып алуусуна чейинки өлкөнүн тарыхын чагылдырган өлбөс-өчпөс “Шахнамэ” (Шахтардын китеби) поэмасын жараткан. Поэмада 50 миң бейт тен (эки сап ыр) турат.   

12-кылымда Низами Гянжеви  5 поэмадан турган “Хамсе” чыгармасын жараткан. Анын чыгармаларын көптөгөн акын жазуучулар туурап жазышкан. Ал эми 13-кылым Бустан жана Гүлстан чыгармалары менен дүйнөгө таанылган Саадинин доору болуп эсептелинет. 14-кылымда Амир Хосроу Дехлеви, Хожа Кермани, Хафиз, Камаль Хожани сыяктуу даанышмандар чыккан. Ал эми 17-кылымда чыгармасы ар түркүн стиль жана формаларды камтыган Жаминин көптөгөн поэмалары жарыкка чыккан.

Мындай сан жеткис адабий чыгармалар миниатюра мектептеринин байма бай пайда болушуна түрткү болгон. Натыйжада Иранда жана Орто Азияда  миниатюра искусствосу  өркүндөп өсүп баштаган. Эң мыкты миниатюралык мектептер Шираз, Тебриз, Исфахан жана Гетар шаарларында болгон.

13-14 кылымдарда Фарс борбору Шираз шаарында маданияттын дүркүрөп өнүккөнү байкалган.  Бул белгилүү Саади, Кермани жана Хафиздин доору эле. Мындай дүркүрөп өнүгүү менен бирге миниатюра да гүлдөп өнүккөн. Бул доордун эң белгилүү чыгармасы “Шахнамэ” ге карата чыгарылган иллюстрация боюнча Шираз шаарында көптөгөн сүрөтчүлөр тобу эмгектенишкен. 14-кылымдагы Шираз миниатюрасы симметриялык композициясы, дубалдагы жазуулар, одонороок тартылган сүрөттөр, адамдардын олбурлуу сөлөкөттөрү, алтындан жана сары, кызыл түстөрдүн көп колдонулушу менен айырмаланган. Шираз миниатюралык мектептери Иран жана Орто Азия искусствосуна көптөгөн таасирин тийгизген. Мисалга алсак, Низаминин “Хамсе”синин иллюстрациялары Шираз миниатюрасынын өнүгүшүнүн туу чокусуна жеткен. Мындагы сызыктардын дыккаттыгы жана дааналыгы, жалпы бир чоң композициянын сүрөттүн ар бир бөлүктөрүнө батырылып, мааниси толугу менен берилгендиги менен өзгөчөлөнөт.  

13-кылымдын аягында Рашид-ад-Дин Тебриз шаарына каллиграфтарды жана сүрөтчүлөрдү манускриптерди кооздоо үчүн чакырганда Тебриз миниатюралык мектеби ачылган. Аталган Тебриз миниатюралык мектептин Шираздыкынан армян-византийлик живопись стилинде чыгыш элементтерин өзүнө камтыганы менен бир кыйла айырмаланган. Мындай көрүнүшкө Тебриз шаарынын армяндар менен чектеш жайгашкан географиялык абалы таасир берген.

16-кылымда Иран жана Орто Азияда поэзия абдан белгилүү болгондугуна байланыштуу миниатюра искусствосу жаңы чыгармалар менен байыган. Ошол мезгилде Тебриз миниатюрасы искусствонун туу чокусуна чыккандыгы, кичинекей кагаздагы сүрөттөрдүн татаалдыгы абдан кылдат жана чеберчилик тартылгандыгы өзгөчөлөнөт, мисал катары хан сарайдын кооздугун жана анын бир бөлүгүндөгү бакчанын табиятын чагылдырылган сүрөттү айтсак болот. Бул сүрөтчүлөр архитектуралык көрүнүштөрдү жана табиятка көбүрөөк көңүл бурушкан.  Адамдардын сөлөкөттөрүн жөн гана тартпастан алардын кыймылдап, бир нерсе менен алек болуудагы  кубулуштарды табигый түрдө тартышкан. 18-кылымдын башында Сефевид өкмөтүнүн келиши менен Тебриздеги миниатюралык мектеп өркүндөгөн өскөн. Андагы миниатюра чеберлери жергиликтүү улуттук көркөм салтка таянып, Жакынкы жана Орто Азия миниатюралык мектептеринин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн.  1522-жылы хан сарай алдындагы китепкананын башчысы болуп К.Бехзад шайланган. Ошол замандын миниатюралык мектептеринин белгилүү чеберлери – Султан Мухаммад, Мырза Али, Ага Мирек, Мир Сейид Али, Садык Бек Афшар ж. б.  эсептелген. 

15-кылымдын башында Тимуриддердин борбору Герат шаарында көркөм-өнөр мектеп ачылып, Тебриз жана Шираздагы эң мыкты өнөрпоздор көчүп барышкан. Анын баштапкы доору 1410-жылдарда кол жазма чеберчилик борборунун (кетабханэ)  ачылышы жана 1507-жылдагы Шейбани хан, Гератты ээлеп алганы менен байланыштуу. Феодалдык  Герат  шаарынын калкынын өнүгүшү, алардын маданияты миниатюра искусствосунун өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Герат сүрөтчүлөрүлөрү негизинен адамдарды, алардын айланасын кооздоп рамкага түшүрүп тартууга өзгөчө көңүл бурушкан. Ажайып кооз табият, ачык түстөр, дарактары гүлдөп турган жазгы бакча, жээги жашыл чөпкө толгон арык, геометриялык орнаменттер түшүрүлгөн архитектура – булардын баары декоративдүү фонду жаратып, анын үстүнө негизги сүрөттөгү көрүнүштөрдү чагылдырат. Гераттагы миниатюра мектебинин эң көрунүктүү сүрөтчүлөрүнүн бири Камал-ал-Дин Бехзад болгон.

Бехзаддын эмгектеринде адамдардын күнүмдүк турмушуна өзгөчө көңүл бурулган. Андан тышкары белгилүү өнөрпоздор болуп Бехзаддын устаты жана   Гераттагы миниатюра мектебинин жетекчиси Мирек Наккаш, Касым Али, Кожо Мухаммад Наккаш жана Шах Музаффар болушкан.

16-17 кк. Аббас I дин башкаруу маалында Исфахан шаарында миниатюралык мектеп ачылган. Бул көркөм өнөр мектепке (өзүнчө кагаздарга тартылган) станоктуу миниатюра таандык жана жеңил түстөр менен кисть аркылуу тартуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон. Анда китеп иллюстрациясы менен бирге портрет жана жандуу миниатюралар өзүнчө барактарда тартылып, атайы альбом болуп жыйнакталган. Ошентип Исфахан стилинин пайда болушу улуу өкүл Реза Аббасинин чыгармачылыгы менен байланыштуу болгон.  Исфахан миниатюралык мектеби “Чөгөлөп турган жаш жигит” атту миниатюрасы менен үлгү боло алат. Акырындык менен Реза Аббаси живопистин традициялык жанры болгон аялдардын, эрке балдардын сүрөттөрүнүн оордуна “Шахнамэ” жана “Хамсе” чыгармаларындагы баатырлардын сүрөттөрүн киргизе баштаган.

17-кылымда чет элдик соодагерлер, элчилер Иранга Европа искусство чыгармаларын алып келип башташкан, мындай көрүнүш Иран өнөрпоздоруна жаңы шыктануу жана жазуу техникасын  тартуулаган. 1670-жылдары Европа живописинин таасири алдына жаңы багыт ачылган.

Ал эми заманбап Ирандын искусствосундагы белгилүү миниатюра сүрөтчүлөрү катары Хосейн Бехзад, Мохаммад Бакир Агамири, Махмуд Фарсчиян, Жалали Сусанабади, Мохаммад Бадроссама ж.б. айтууга болот. Алардын кылдаттык менен тартылган чыгармаларын күнү түнү талыкпай карап, көз жоосун алган кооздукка суктанбай коюуу мүмкүн эмес. Мындай укмуштуудай кооз миниатюраларга Иран айымдары да көп көңүл бөлүп, өз чыгармаларын элге тартуулап келишет.

Айтсак жакында эле Бишкек шаарында Г. Айтиев атындагы көркөм-өнөр музейинде Иран өнөрпоз айымдарынын прикладдык жана сүрөттөөчү искусствосу болуп өттү.  Бул көргөзмөдө Иран миниатюрасы, живопись жана жыгачтан сөлөкөттөрдү жасоо боюнча 50дөн ашык эмгек тартууланып, анда атайын Иран Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасына келген Ирандын өнөрпоз айымдары Парване Мирафтабиян жана Париса Рахмани тарабынан мастер-класс көрсөтүлүп кыргыз эли иран искусствосу, миниатюрасы менен жакындан тааныша алышты.

Аталган көргөзмөгө келген заманбап иран сүрөтчүсү жана миниатюра өнөрпозу Париса Рахмани – 1971-жылы Тегеран шаарында төрөлгөн. Ал 1984-жылдан бери  боёктор жана май, акварель боёктору, черчение, пастель ж.б. сыяктуу тармактарда эмгектенип келет.

Парване Саадат Мирафтабиян 1982-жылы Тегеран шаарында төрөлгөн. Ал  “Архитектура” тармагындагы “Дизайн жана интерьер” багыты боюнча бакалавр даражасын алган. 2000-жылдан баштап жыгачтан сөлөкөттөрдү жасоону үйрөнгөн. Жыгачтан сөлөкөттөрдү кесип жасоо, жыгачтан көлөмдүү сөлөкөттөрдү жасоо, жыгачтан назик сөлөкөттөрдү чебердик менен оюп  жасоо техникасы боюнча эмгектенип, 90дон ашык эмгектин автору болуп саналат. Парване көптөгөн  ирандык жана чет өлкөлөр аралык көргөзмөлөргө, анын ичинен Түркия, Дубай, Арменияда (2009) өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышкан. Андан тышкары, автор патина, живопись жана дизайн (көркөмдөө), айнекке жазуу, жыгач плиталар, зер буюмдарды жасоо тармактарында эмгектенет.

Аты Перс миниатюрасы
Өлкө Иран
ТүрүМиниатюра
Өндүрүш жылыJun 22 2023
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: