
Каламкар
Каламкар – бул парстардын кездемеге түшүрүлгөн атайы кооз сүрөттөрү бар кездеме тасмалдары. Иранда бул каламкарлар Сефевид доорунда пайда болгон. Сефевид доорунда Исфахан шаарынын кол өнөрчүлөрү ар түрдүү калыптардын жардамы менен кездемеге сүрөт түшүрүү ыкмасын ойлоп табышкан.
Ага чейин камыштын сабагы менен кездемелерге сүрөт тартуу ыкмасын колдонушкан жана ошонун негизинде мындай ыкма “каламкар” (“калам” – кадимки эле калем, ал эми “кар” – жумуш дегенди билдирет) теп аталып калган, андан соң түрдүү калыптарды ойлоп табышкан бирок анын аты өзгөрбөстөн каламкар деп аталып кала берген. Ал эми алгачкы сүрөт түшүрүүчү калып таштан жасалган жана жетишээрлик оор болуп, сүрөттү эч кынтыксыз түшүрүүгө ыңгайлуу болгон. Бүгүнкү күндө кээ бир кол өнөрчүлөр мындай калыптарды 400 жылдан ашуун убакыттан бери сактап жана колдонуп келишет. Каламкарларды даярдоо ыкмасы өтө эле жай жана көптөгөн түйшүктөр менен аткарылат, ал эми оюуларды тартып түшүрүү боюнча атайы өзүнчө чеберлер иштешет. Бул да өзүнчө эле бир өнөр болуп саналат. Каламкарларга колдонулган калыптар ар түрдүү, ар кандай формада болуп, алардын баасы уз чеберлердин чеберчилиги, ишинин кооздугу жана кылдаттыгына жараша жогору болот. Жалпысынан алганда Ирандын бардык жерлеринде каламкар өнөрчүлүгү менен алектенишет бирок баарынан Исфахан шаарынын каламкарлары абдан белгилүү.
Алгач уз чебер өтө кылдаттык менен калыпты бир нече жолу текшилеп коюп, кездемеге кара түстү түшүрөт, андан соң негизги сүрөткө жараша кездемеге калыптардын жардамы менен кызыл, көк, күрөң, сары сыяктуу түрдүү түстөгү сүрөттөрдү түшүрүп башташат. Ар бир калыпта ар бир түс үчүн өзүнүн оюусу бар, башкача айтканда бир нече түстөн турган татаал сүрөттүү кездеме тасмалдар бир нече калыптын жардамы менен түшүрүлөт. Бирок эки түстү өзүнө камтыган калыптар да бар: алар бир каламкарда эки гана түс колдонулган учурларда гана колдонулат, мисалга алсак бир кездемеде көк жана сары гана түстөр пайдаланылса гана колдонулат. Кездемеге оюу түшүрүүдө оюнлардын түрлөрүнүн көптүгүнө, кооздугуна жана түстөрүнө эле баа берилбестен, алардын дыкаттык менен так жана бири бири менен төп келише туура түшүрүлгөнүнө да өзгөчө маани берилет.
Ал эми пахтадан жасалган кездеме өзүнүн сапатынын жогору экени менен өзгөчөлөнөт. Ал кездемени атайы каражаттар менен иштетилип, анын негизинде ачык сары кызгылт (кремовый) түсгө айланат. Мындай ыкма менен иштетилип чыккан кездеме өтө эле бышык болуп, жууганга да оңой келет. Кездемеге оюулар түшүрүлгөн соң, анардын кабыгынан даярдалган кайнак сууга бир далай кайнатылат. Андан соң ага түшүрүлгөн оюулардын өңү көркүнө чыгып, өнү ачыла түшөт. Исфахан шаарында каламкарларды Зийянде-руд өзөнүнүн жээгинде атайы чоң челектерде жасашат. Кайнатып алган соң аларды өзөндүн муздак суусуна салышы, ондогон же жүздөгөн каламкарларды өзөндүн жээгине кургатуу үчүн жайып койгон көрүнүш – адамдардын көз жоосун алып, өтө эле кооз. Кездемени кайнатып, андан соң муздак сууга салуу ыкмасы анын оюусу жана сүрөттөрүнүн сапатынын жогорулашына таасир берет жана мындай ыкмадан кийин андагы түстөр жана сүрөттөр таптакыр чыкпайт. Алар Ирандагы күндүн аптабына туруктуу болуп, коп жылдар бою анын кооз түстөрү оңуп кетпей сакталып калат. Мындай кездеме тасмалдар табигый тазаа жана калың кездемелерден жасалат. Ал эми иран салтында мындай каламкарлар жерге жазылган тасмал үчүн ылайыкташып, үстүнө тамак аш, даам мөмө жемиштер коюлат.
Сефевиддердин салттык каламкарларында гүлдүү орнаменттер, “перс бадыраңы” жана арабескалар түшүрүлсө, кажарлардын жана башка доорлордо андан да кызыктуу оюулар түшүрүлгөн жана азыркы тапка чейин мындай каламкарлдардан төрт бурчтуу, тегерек формалардагы кездеме тасмалдар гана жасалбастан жүз аарчы, баштык жана жада калса кийимдер да тигилип келет.
Аты | Каламкар |
Өлкө | Иран |







