Мухаммад Хосейн Алламе Табатабаи

Мухаммад Хосейн Алламе Табатабаи

Мухаммад Хосейн Алламе Табатабаи

Белгилүү ирандык аятолла, төрт ата өткөн шиит уламасы  Мухаммад Хосейн Алламе Табатабаи 1903-жылдын ноябрь айында Тебриз шаарында белгилүү илимпоз, дин эрежесин так кармаган такыба үй бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Анын укум-тукуму атасы тарабынан Азирети Имам Хасан Можтаба аалымдан, ал эми энеси тарабынан Азирети имам Хосейн аалымдан тараган. Алламе Табатабаи беш жашында энесинен жана тогуз жашында атасынан ажыраган. Ошентип ал тогуз жашында жалгыз иниси Сейид Мухаммад хасан менен калып, Ыйык Куранды жан дили менен берилип жаттап, “Гүлстан”, “Бустан”, “Насырдын адеп-ахлагы”, “Аль-Сабияндын насааты”, “Анвар Сахили”,  “Аджам тарыхы”, “Амир Низам”, китептерин окуп ошол замандын адабий чөйрөсүндө таанымал болгон Шейх Мухаммад Алинин жардамы менен билим алган. Андан тышкары Мирза Али Наги Хатат устатынын жардамы менен Сулуу жазуу өнөрүн үйрөнгөн.

Алламе Табатабаинин чыгармачылыгы

         1918-жылы Алламе Табатабаи өзү төрөлүп өскөн Табриз шаарында Талиба медресение кирген. Ал медресеге кирүүсү илимий жолго түшүп аны жемиштүү жана ийгиликтүү жүргүзүүсүнө түрткү болгон. Ал илимий тармакта тажрыйбасынын аздыгына карабай, Аллах Тааланын ырайымы менен колдоосуна татып, өзүнүн илимге болкон ышкыбоздугу, кызыгы өтө артып араб адабиятын, логика, укук таануу, теология, философия илимдерин улуу даанышмандардан өтө кызыгуу менен окуп, терең билим алган.   Билимге чаңкап, аны изилдөөгө ышкыбозу арткан  Алламе Табатабаинин атагы  1925-жылы чыккан. Ошол замандагы көптөгөн кыйынчылыктар, тун уулунун чарчап калышы жана башка маселелерге туш болгон учурда, ошол замандагы белгилүү, беделдүү жана белгилүү митсик Аяталллах Хадж Мирза Али Гази Табатабаи менен  жолугуп, андан илхом алып өзүнүн илимий жолу менен руханий байуусун уланткан.

         Алламе Табатабаи өзүнүн алгачкы исламдык билимин өзү туулуп өскөн Табриз шаарында баштаган. Андан соң 20 жаш курагында шиит чөйрөсүнө белгилүү ан-Наджаф шаарына окуусун улантуу үчүн барган.  Айат Азам, Шейх Мухаммад Хосейн Исфахани, коомдо тааныма болгон Шейх Мухаммад Хосейн Наини жана Сейид Абульхасан Исфахани устаттарддан  фикх негиздерин үйрөнүп, ижтихад макамын алганга чейин окуган жана АятАллах Наиниден ижтихад айтуу үчүн уруксаатын алган.

         Ал илимге болгон терең кызыгуусу менен Гази Табатабаинин сөздөрүн чечмелөө тажрыйбалары менен “Шарх-е Фасус”, Месба аль-Анас жана Ибн Арабинин “Мекке ачыктыгы” атту китептерге ээ болгон.

         Ал Хауз медресеесинде алган исламдык илимди терең изилдөдөн башка, ислам гнозисиндеги - ирфандын негиздерин теоретикалык жана практикалык жактан окуп үйрөнгөнгө жетишкен. Бул жолдо анын устаты улуу гностик Мирза аль-Кади болгон.

         1935-жылы Табатабаи окуусун ийгиликтүү аяктап, өз шаары Тебризге кайтып келет да, ал жакта он жыл ислам илими боюнча бир канча окуучуга сабак берип, эмгектенген. Ошондой болсо да, Табатабаинин атагы бүт Иранга тез арада тарайт, анткени анын өзгөчөлүктөрүнүн бири өзгөчо бир ыкма менен Ыйык Куранды, андагы аяттардын баардыгын сөзмө сөз түшүндүргөн. Ал түшүндүрмөнү берүүдө өзүнүн эки акылман, улуу устаты б.а. Сейид     Али Гази Табатабаи менен Хаким Сейид Хосейн Бадкубеден  алган билимин колдонгон, бирок  ал түшүндүрмөлөрдө Аяталлах Гази Табатабаи устаттынын берген билими менен ыкмасын колдонгонун айтып мындай деген: “Менин аяттан аятка сөзмө сөз берген түшүндүрмөлөрүм менин улуу устатымдын берген таалим тарбиясы, мен анын мага үйрөткөн ыкмасын колдондум” деген. Табатабаи Тебриз шаарында өткөргөн он жыл ичинде айыл чарба ишине байланыштуу философиялык макала жазган. Ал 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун айынан Ирандагы дүйнө жүзүндөгү шиилердин ири борбору, диний жана ыйык деп эсептелген Кум шаарына барган.  Табатабаи Кум шаарына бараары менен фикх негиздери боюнча сабак берип баштаган, бирок көп өтпөй башка тармакка өтүү вазыйпасы бар экенин сезген, анткени ислам философиясы менен Куранды чечмелөө жааты абдан аксап турганын баамдаган.  Ал өзүнүн эскерүүсүндө“Кум шаарында жүргүзүлгөн илимдерде фикх негиздерин үйрөткөн мыкты инсандар бар экен, бирок ислам философиясы менен Куранды чечмелөө боюнча устаттар жетишсиз экен, биздин заманда ислам коому так ушул ислам философиясы менен Куранды чечмелөөгө абдан муктаж. Менин илимге кылган эмгегим Исламга пайда алып келет деп ойлойм”деген. Ошентип, ал алгач үйүндө андан соң   Сальмаси мечитинде “Асфар” боюнча сабак берип баштаган. Алламе Табатабаинин сиңирген эмгеги деп Мулла Садрдын“Ислам философиясы системасын”Кум шаарындагы диний окуу жайдын сабак берүү тартибине  киргизүүсүн айтсак болот. Табатабаи Кум шаарында иштеп жүргөн маалда Ирандын борбор шаары Тегеранга байма бай каттап турган, анткени ал жакта салттык эмес жаңы окуу система менен окутуп, таалим тарбия, билим берип жаткан бир канча окуучулары бар эле.

         Алламе Табатабаи кийинки жылдарда Анри Кенрбен, Сейид Хосейн Наср менен биргеликте илимий-изилдөө иштерин, окуу сессияларын байма бай уюштуруп, ирфан жана грозистин классикалык тексттери жөнүндө талкууларды кылышкан. Сейид Хосейн Наср бул талкуулорду салыштырма-бышыктоочу гнозис деп атаган. Сессиялардын катышуучулары дүйнө жузүндөгү эң чоң диндердеги сакралдык тексттерди терең изилдеп, анын мистикалык жана гностикалык маани мазмунуна өзгөчө маани беришкен. Алар“Дао дэ цзин”,“Упанишаддар”жана“Апокалипсис”китептерин изилдеп, андагы тексттерди суфий жана да жалпы ислам гностикалык доктриналар менен салыштырышкан.

         Алламе Табатабаинин өтө маани берип, кызыга изилдеген илимий иши марксизм, коммунизм жана диалектикалык материализм болгон. Ал аларды салттык ислам философиясынын позициясы менен сынга алган. Тактап айтканда Табатабаи бул темага“Усул-е фалсафа  ва равеш-е реалисм”- Философия негиздери жана реализм методу  деген өзүнүн негизги эмгегин арнаган. Бул эмгегинде ал диалектикалык системага каршы чыгып, реализмди жактаган.  Даанышман Табатабаи Мулла Садрдын“Асфар аль-араба-а”аттуу эң маанилүү эмгегине көлөмдүү түшүндүрмө жазган. Ал эми ислам философиясы жана ирфан боюнча “Бидайат аль-хикма”-Акылмандыктын башаты жана“Нахайат аль-хикма”- Акылмандыктын түбү деген абдан маанилүү эмгектерин жараткан.  

         Андан тышкары Аятолла Табатабаи шиизм боюнча “Аль Мизан” жана эки томдук “Шиит антологиясы” сыяктуу бир нече абдан маанилүү жана маңыздуу эмгектерин чыгарган. Анын эмгектери шиизм тарыхы, Мухаммад пайгамбардын хадистери, шиит имамдарынын таухид – исламдык бир Кудайга сыйынуу жана да шиит имамдарынын сыйынуулары, Али ибн Абунун - Талиб Малик Аштарга жазган каттары камтылган эмгектерин жараткан.

         Алламе Табатаи билимдүү Иран чөйрөсүнө ислам философиясы, интеллектуалдуу салт жөнүндө кеңири маалымат таркатып жаңы интеллектуалдык элитаны жаратууга умтулган. Анын жолун Мешхед университетинен Жалаладдин Аштияни, ал эми Тегеран университетинен Мортеза Мотаххари сыяктуу көптөгөн белгилүү окумуштуулар жолдогон.

Аты Мухаммад Хосейн Алламе Табатабаи
Өлкө Иран
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: