Түштүк Саханд антропологиялык музейи, Чыгыш Азербайжандагы биринчи антропологиялык музей

Түштүк Саханд антропологиялык музейи, Чыгыш Азербайжандагы биринчи антропологиялык музей

Түштүк Саханд антропологиялык музейи, Чыгыш Азербайжандагы биринчи антропологиялык музей

Антропологиялык музейлер адамдардын ишенимдерин, үрп-адаттарын, тилин, жашоо шартын, тамак-ашын, кийимдерин, турак-жайын, техникасы менен искусствосун, ошондой эле адамдардын жашоосунда колдонгон шаймандарын  тааныштыруучу музей болуп саналат. Бул музейлерде көргөзүлгөн нерселер – адамдардын күндөлүк жашоосунда  кеңири тарап, адатка айланып калгандыктан, алардын маанилүүлүгү көп деле байкалбаган чыгаар.

Иранда ар кайсы аймактардын элинин жашоо-турмушундагы айырмачылык ушунчалык чоң болгондуктан, аны үрп-адаттардын жана ишенимдердин асан-үсөнү деп айтууга болот. Бул көп түрдүүлүк климаттык, географиялык, этникалык жана маданий айырмачылыктардын натыйжасы. Ушул себептен улам Ирандын бардык жеринде ар бир аймактын элинин маданиятынын жана жашоо образынын ар түрдүү жактарын көрсөтүү үчүн «Этнология» деген аталыштагы музейлер түзүлгөн. “Түштүк Саханд антропология музейи” дагы кылымдар бою табият менен бирге жашап, эмгекчил жана күжүрмөн элдин жашоосунун бир кырын көрсөтүү аракетинде.


Түштүк Саханд антропологиялык музейи кайда жайгашкан?
Музей Хамам Мехрабад деген ат менен таанылган эски имаратта жайгашкан. Байыркы заманда шаардык турмуш-тиричилик объектилери кеңейе электе, калк суу түтүктөр жана мончолор менен камсыз боло электе, бул мончо Бонаб калкынын ден соолукту чыңдоочу эң маанилуу борборлордун бири болгон.

Байыркы заманда, мончону отун менен камсыздоо кымбаттыгынан жана ага суу ташуунун кыйынчылыгынан улам, мончо бөлмөлөрү сууну аз сарптап, жылуулукту мыкты сактай ала тургандай кылынып салынган. Исламда тазалыктын маанилүүлүгүнөн улам мончолор социалдык жактан маанилүү болгон жана аларды курууда ар бир доордун эң мыкты инженердик жана архитектуралык билимдери колдонулган.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөдө жогорку нымдуулуктун болушу  мончонун конструкцияларын курууда жана долбоорлоодо этияттык менен мамиле кылууну талап кылган. Бул жагдайлардын бардыгы Мехрабад мончосунун курулушунда ачык-айкын көрүнүп турат. 324 чарчы метр аянтты ээлеген бул мончонун пайдубалы кыш, таш жана саруж (суу өткөзбөөчү эритме) жасалган.

Иран архитектурасында эң байыркы эритме деп эсептелген сарож эритмесин колдонуу жана имаратты акиташ менен актоо, аны болуп көрбөгөндөй туруктуу жана бекем кылган. Имараттын сырты таштар жана кызыл кыштар менен өзгөчөлөнүп турат.


Айрым маалыматтар боюнча Мехрабад мончосу Сефевиддер доорунда (б.з. 16-кылымында) негизделген. Кийинчерээк имаратта бир нече калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Акыры, 1996-жылы Бонаб муниципалитети мончосун ээсинен сатып алып, калыбына келтирүү үчүн маданий мурас уюмуна өткөрүп берген. Имаратты реставрациялоо операциясы 2003-жылы аяктап, мончо музей болуп өзгөртүлүп, Чыгыш Азербайжан облусунун биринчи антропология музейи наамын алган. Бул имарат Мехрабад мечитинин алдында жайгашкан. Бул мечит да тарыхый баалуулукка ээ жана анда табылган жазуунун негизинде хижра 1544-жылы курулган. Бул дата Шах Тахмасаб I нин башкаруусуна туура келет. Бул мечиттин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири – анын кооз борборлору, кээ бир эксперттердин пикири боюнча, Иран искусствосунун Сефевиддер доорундагы эң кооз көрүнүштөрүнүн бири. 1968-жылы Мехрабад мечити жана 1999-жылы Мехрабад мончосу Ирандын улуттук мурастарынын тизмесине катталган.


Түштүк Саханд антропология музейи, бөлүмдөрү жана өзгөчөлүктөрү


Бул музей башка антропологиялык музейлер сыяктуу эле аймактын элинин каада-салтын жана жашоо образын таанытууга умтулган жана анда Хаштроуд, Мараге, Бенаб, Ажабшир жана Малекан шаарларынын жашоочуларынын күнүмдүк жашоодо колдонушкан буюм-тайымдары, кийим-кечелери менен куралдары коюлган. Бардыгы болуп музейде 12 бөлүм бар. Алар  шаймандардын жана жабдуулардын колдонулушуна жана адамдардын жашоосуна байланыштуу иш-аракеттерге жараша бөлүнгөн.

 Музейдин 12 бөлүмү:
• Музыкалык аспаптар

• Текстиль өнөр жайы

• Жарыктандыруу

• Оймолор
• Кийим-кече

• Аза күтүү
• Салттуу медицина
• Дубалар
• Айыл чарба шаймандары
• Салттуу кол өнөрчүлүк
• Темир устачылык
• Суу менен байланышкан идиштер.

 

Аты Түштүк Саханд антропологиялык музейи, Чыгыш Азербайжандагы биринчи антропологиялык музей
Өлкө Иран
ОбластьЧыгыш Азербайжан
ШаарSahand
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: