
Сар Ага Сейед айылы
Сар Ага Сейед айылы
Үйлөрү тепкич сымал курулган уникалдуу Сар Ага Сейед айылы
Иран – төрт мезгилдин өлкөсү, ошондуктан өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы аба-ырайы бири биринен айырмаланып турат. Ар кандай табигый-климаттык зоналардан ар башка архитектуралык өзгөчөлүктөрдү көрүүгө болот. Өзгөчө климатка жана ландшафтка байланыштуу, Ирандын айрым аймактарында тепкичтүү кыштактар бар. Алар тоо этектеринде жайгашып, ярус сымал курулган: төмөнкү үйлөрдүн чатырлары үстүнкү башка үйлөрдүн короосу болот. Ирандын тепкичтүү кыштактары көптөгөн туристтерди өзүнө тартат, анткени дүйнөдө эч жерде мындай өзгөчө жана таң калыштуу жайлар жок. Сар Ага Сейед – кыштагы Ирандын Чехармехаль жана Бахтиария провинциясында орун алган уникалдуу кыштактардын бири болуп саналат. Ал өлкөнүн түштүк-батышындагы эң кооз айылдардын бири жана туристтик багыттардын катарына кирет. Сар Ага Сейед кыштагы өзгөчө жана салттуу архитектурага ээ. Бул айылдагы үйлөр дагы тепкич сымал курулуп, төмөнкү үйлөрдүн чатырлары үстүнкү башка үйлөрдүн короосу болот. Бул жерге жай мезгилинде гана барууга болот, анткени күзүндө тоо ашууларды кар басып калат. Айыл тургундары бахтияри уруусунан болот. Айылдын качан пайда болгондугу белгисиз, бирок болжол менен 800 жылдык тарыхы бар. Анын аталышы имамзаде Ага Сейеддин ысымынан коюлган.
Аты | Сар Ага Сейед айылы |
Өлкө | Иран |
Область | Чахармахал жана Бахтиари |
Түрү | Тарых |









