Нооруз майрамы

Нооруз майрамы

Нооруз майрамы

Адам турмушунда майрам эзелтеден маанилүү орунду ойноп келген. Ал тиричиликтеги, коомдук абалдагы жана үй-бүлөдө болгон турмуштук окуяны ырым-жырым же салтанат менен белгилөөнү адатка айланткан. Майрам коомдук турмушту чагылдыруу менен жаамы адамдын рухий дөөлөтүнүн калыптанышына салым кошуп, жалпы коомдук-маданий баалуулуктун орношуна өбөлгө болуп берет. Башкача айтканда, майрам элдин рухий дөөлөтүнүн жана адамзат коомунун ааламды аңдоо түшүнүгүнүн ширетилишинен жаралган көрүнүш. 
            Майрамды белгилөө шарты жана анын тарыхында коомдун саясий-социалдык жана экономикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүгүн баамдап, кайсыл майрам кайсыл убакта, кандай талапта жаралгандыгын билсе болот. Майрам өткөрүүнүн коомдук функцияларына карабастан, ал адамдардын башын бириктирип, табият таңуулаган жалгыздыкты, бөлүнүп-жарылууну жоюп, ар кандай социалдык катмардагы калктын башын кошууга өбөлгө түзөт. Майрам кызыл-тазыл түстөрдөгү шаан-шөкөт же ыр-бий эмес, мында элдин көрөңгөлүү салты, элестүү тарыхы менен маданияты камтылган.
           Майрам күндөрү адамдар эшигин кенен ачып, өзүнүн жана тегерегиндегилердин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылат. Бул убакта адамдар тамакка, кийимге, үйдү жасалгалоого ашыкча чыгым жасоого жол беришет. Майрамдык маанай жаралып, бири-бирин куттуктап, белек тартуулашат. Мында жалаң эле замандаштар ортосунда биримдик жаралбастан, элдин тарыхый эс тутумундагы, салт санаасындагы байланыш пайда болот.
           Майрам маалында адам жашап аткан дүйнөнүн баалуулуктарын аңдап, андан өрнөк алат. Борбордук Азиянын басымдуу өлкөлөрү жаңы жылды Нооруз майрамы менен байланыштырышып, аны белгилөө салты байыркы замандан башат алган. Нооруз түшүнүгү жана аны майрамдоо жөрөлгөсү эзелки парс элдеринин арасында тамырланган. Ал эми нооруз сөзү да парс тилинен “ноу”- жаңы, “руз”-күн  - Жылдын  жаңы күнү деген маанини берет. Ноорузду белгилөө жөрөлгөсү жана анын шаан-шөкөттүк маанисинен алганда бул майрам калктын көйгөйүнөн жаралган, эмгекчил элдин келечек турмушу оңолушун эңсеген көксөөсүнөн келген майрам.
          Бул күнү күн менен түн теңелип, жерге биринчи жамгыр тамчысы таамп, анын жышааны ошол жылдын жыргалчылыгын туюнтуп, жер жүзү гүлдөй кулпуруп, дарактар бүчүр байлап, айбанаттар тукум улашат.

Байыркы парс илим аалымдарынын айтымында Нооруз күнүнүн эң бактылуу сааты бул таң агарып атып, күн нурун жерге чачкан мезгил. Мында күндүн шооласы жерге жакын кыналып, ким аны биринчи тосуп алса ал бактылуу болот, деп эсептешкен.
         Байыркы табыптардын ишенимине ылайык кимде-ким Нооруз күнү таң азандан сүйлөй электе үч кашык бал жесе, ал бардык оору сыркоодон арылат экен.
         Ошентип, Нооруз майрамы каардуу кыштан жоон сүзүлүп, узун үзүлүп, элдин шайы ооп калган маалда жер жарылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан, жаратылыш менен кошо адам турмушу жандаган мезгилге туш келет.
        Жаңы күн ыроологон Нооруз менен табиятка жан кирип, ак бутактуу тоо силкинип жашарып, теребел канаттуулардын сайраган үнүнө бөлөнөт
      бул дүйнөдөгү эң бир чоң майрамдардын бири иран элинде байыртадан бери, көптөгөн катаал окуяларга жада каласа ислам динин кабыл алышкандай кийин да эч өзгөрүүсүз сакталып келген. Иран эли абдан аздектеген Нооруз майрамы элдин ынтымагын бекемдеген, иран элинин маданиятынын символуна айланган. Ошентип бүгүнкү күндө кайсыл гана жерде болбосун Нооруз майрамы майрамдалып аткан жерлерден Иран маданиятын көрүүгө болот. Иран эли бул майрамда көптөгөн каада-салт, жөрөлгөлөрдү өткөрүшөт. Иран эли Нооруз майрамына бир нече күн калганда үйлөрүн тазалап, эски кийим, идиш аяктарды ыргытып, жаңы буюм сатып алып даярданышат. Көчөлөрдү, борбордук аянттарды борбор, парктарды кооздоп майрамга өзгөчө кам көрүшөт. Алар үйлөрүн гана тазалап тим болбостон ички дүйнөсүн, руханий да тазаланышат. Андыктан нооруз майрамынын алгачкы күндөрү жүрөктөгү таарыныч, кайгы кападан арылып, бири бирин кечирүү үчүн ыңгайлуу учур болуп эсептелинет.

Ноорузга карата жөрөлгөлөрдүн бири бул буудай данын өстүрүү, иран эли буудайдын өсүшү менен келе жаткан жылдын канчалык жемиштүү болоорун болжолдошкон.  Жаңыдан  өсүп келет аткан буудай жаздын келишин, табияттын жаңылануусунан кабар берип, ар бир үйгө жаңылануу, бакыт таалай алып келет деп ишенишет.

Нооруз күнүндө карысы да, жашы да,  байы да, жардысы да бирдей маанайда нооруз майрамын майрамдоо максатында, колунда бар адамдар, бей-бечараларга, жетим-жесирлерге кайыр-садага берүү  менен бирге, алдын ала жарыяланган банктык эсептерге акча которушуп,  жыйналган акча-каражаттары карыялар үйлөрүнө, мектеп интернаттарга, балдар үйлөрүнө жана жардыларга таркатылып берилет. Бул майрам Иранда “Дадан-е пул хурд” “Кайрымдуулук майрамы” деп аталат.

         Андан соң  үй-бүлөө кожойкелери,  бири бирине жардам берүү менен бирге, үйлөрүн баштан аяк тазалап, эски-үскүлөрдөн арылышкан. Бул жөрөлгө биринчиден достукту жана биримдикти билдирсе, экинчиден эски жылдын чаңынан, киринен, жаман калдыктарынан тазаланып, жаңы жылга толугу менен, тазаа келүү жөрөлгөсү фарсча  “Тамиз керден манзал” деп аталат.

Нооруз майрамына  бир нече күн калганда атайы даярдалган салтанаттуу кызыл түстөгү кийимдерди кийишкен адамдар, “Аму нооруз” же “Хаджи фируз” деп аталган кыргызчага которгондо Баба Нооруз, көчөлөрдө нооруз майрамынын  жана жаздын келишин ыр менен жамактап, ар кандай оюн зоок, тамаша ырлар менен Нооруздун жакындаганынан кабар берип, даңазалашат.

         Нооруз күнүнө саналуу күндөр калганда, элдин чексиз агымы дүкөндөрдү жана базарларды көздөй жылып,  майрамга карата ар түркүн кийимдерди, килем-паластарды, белек-бечкектерди сатып алышат. Бул жөрөлгө Иранда “таждидд” кыргызча -“жаңылануу” деп эсептелет, жана ар бир үйдө сөзсүз  түрдө жайыла турган “Хафт син” дасторконуна коюлуучу ар-түркүн жашылча жемиштерди, боелгон жумурткаларды, кызыл баалык жана  башка татууларды  сатып алышат.     

Иранда Нооруз ─ майрамын майрамдоодогу эң маанилүү  элементтеринин бири болуп Хафт син эсептелинет. Хафт син  бул  фарси тилинде “Хафт” ─ жети «син» ─ син тамгасы дегенди билдирип  дасторкондо өзгөчө маанилерди камтыган, син тамгасынан башталган жети даамдын түрү сөзсүз түрдө коюлушу тийиш.

Алгач Хафт син дасторконуна  ичине жаңы банктан алынган, колдонула элек акча салынып Ыйык  Куран китеби жана күзгү коюлуп,  Курандын ичиндеги акча, байлыктын символу катары, бөбөктөргө  таратылып берилет. Андан соң дасторконго

1.  Нан ─ токчулуктун, барчылыктын

2.  Туз ─ даамдуулуктун

3.  Ширин таттуулар ─бакыттын жана шатыра шатмандыктын

4.  Шам  ─ жарыктын жана жылуулуктун

5.  Балык  ─ боштондуктун жана тазалыктын

6.  Боёлгон жумуртка ─ тукумдап көбөйүүнүн, өркүндөп өсүүнүн символу

7.  Гүл  ─ жаздын жана жылуулуктун символу катары коюлат да,   андан соң 

  Хафт Син  дасторкону даярдалат.  Атай кетсек булар

1.  Сабзе –жашылча, деп которулуп өмүрдүн белгиси

2.  Саману - сүмөлөк, молчулуктун, токчулуктун, кененчиликтин символу

3.  Сибалма, достуктун жана ден соолуктун символу

4.  Сенджед  - сүйүүнүн белгиси, көптөгөн дарддардын дабаасы

5.  Сир - сарымсак, уунун таасирин азайтуучу зат жана дары,  ошол себептен жылан сарымсак жеген кишини чакпайт деп айтылып келген.

6.  Сумог  жана серке   ─  уксус, адаттык татымдыктар.

7. Секке - тыйын байлыктын символу катары коюлат.

Бул күнү Иран эли үй─бүлөө, бала─бакыралары менен дасторкон чекесинде жаңы жыл бак-таалайды, махабатты, ырыс - кешикти, токчулукту, бейпилчиликти, ынтымакты, ыймандуулукту кошо ала келген, кутмандуу жылдардан болуусун тилеп, чын жүрөктүн калоолорду айтуу менен бирге  Нооруз майрамы өзгөчө шаңдуу өткөрүлөт.

 

Ушул күнү ага-тууганда, достор, коңшу-колоңдор, атайы даярдалган белек-бечкектерин, жакындарына тартуулашат. Эгерде өтүп бара жатканжылда алар бири-бири менен араздашып же таарынышып жүргөн болсо, бири биринен кечирим сурашым, элдешишет.  Алардын биринин да, жаңы жылда, көкүрөгүндө кири, сезиминде наарачылыгы калбаш керек.  Ошентип, алар ак дасторкон үстүндө, жаңы жыл калкка, бак-таалайды, махабатты, ырыс- кешикти, токчулукту, бейпилчиликти, ынтымакты, ыймандуулукту кошо ала келген, кутмандуу жыл болуусун тилеген калоолорду айтышат.  Дал ушул атарлган өзгөчөлүктөр менен Нооруз – руханий тазалануунун жана жаңылануунун майрамы катары, барктуу да нарктуу да болгон.

Жаңы жыл жаңырганда Ирандыктар жаңы күч кубат, жаңы дем менен “Оо көңүлдөрдү жана жүрөктөрдү кайра куруучу! Оо түн менен күндү жаратуучу! Оо жыл алмаштырып, маанай өзгөртүүчү! Биздин жашообузду жакшы нукка бур! деген майрамдык дуба окушуп, Жараткан Кудайдан жаратылыштын жаңылануу алдында аларды жана алардын пейилин, жүрөгүн  жакшы жакка буруп, ден-соолук, бакубатчылык, токчулук, жакшылыктарды, бакубат жашоону, тилешет. Кээ бир Ирандыктар жаңы жылдын башталышын ар кандай ыйык жерлерге барып зыярат кылуу менен өткөрүшөт. Бул күндөрү  Ирандын диний шаарлары болгон Мешхед жана Кум шаарларында жайгашкан Имам Резанын Урматтуу Масуманын мечиттери зыяратчыларга толот.

Ирандыктар жаадыраган Нооруз майрамы келип, жыл жаңырган соң  тууган-туушкан, бир тууган, коңшу-колоң, жакын санаалаштарынын үйлөрүнө нооруз майрам менен куттуктап барууну башташат. Салт боюнча алар алгач ата-энелеринин үйүнө андан соң кичүүлөрү улуулардын үйүнө куттуктап барышып, белек тартуулашат. Бул күнү араздашкандар бири биринен кечирим сурап, бири бирин кечирип, чын жүрөктөн бири бирин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерди айтышат. Ирандыктар көбүнчө бул Нооруз майрамында ар кандай сапарларга башкача айтканда кооз кооз жерлерге, кооз шаарларга жада калса башка мамлекеттерге майрамдап эс алууга барышат, анткени Иранда нооруз майрамына карата 10-15 кун эс алуу жарыяланат. Мындай эс алуу үй-бүлөө, ата-эне менен бирге болуп, бир жылдык талыкпас эмгектенүүдөн  кийин мыкты эс алууга абдан ыңгайлуу. Ал эми жаңы жыл жаңыргандан кийин 13 үнчү күнү бардык иарндыктар Сиздах бе дар майрамын майрамдашат.

Сиздах бе дар майрамы тууралуу кийинки уктурууда



Аты Нооруз майрамы
Өлкө Иран
ТүрүУлуту
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: