Сиздах бедар майрамы

Сиздах бедар майрамы

Сиздах бедар майрамы

Нооруз майрамы, жадыраган жаз айынын келиши, түн менен күндүн теңелиши менен бирге Иран Ислам Республикасында жыл жаңырат. Жаңы маанай, жаңы дем-күч, жаңы бакыт, ырыс кешиктен үмүттөнүшкөн иран эли жаңы жылдын он үчүнчү күнү башкача айтканда 13-фарвардин күнү (Быйыл бул күн 2018-жылдын 2–апрелине туш келет) “Сиздах бедар” майрамын майрамдашат. “Сиздах бедар” - фарсы тилинен которгондо “он үч” же “он үчтөн алыстоо” болуп саналат. Зороастрийлердин ишенимине карай, так ушул он үчүнчү күнү дүйнө жүзүндөгү колонналар кыйраган, ошондуктан иран эли бөөдө кырсыктан жана чабуулды болтурбоо үчүн жаңырган жылдын он үчүнчү күнү ачык асман алдында, шаар четинде болууга аракет кылышат. Бул күнү Ирандыктар үйлөрүн таштап шаар четине же болбосо атайы сиздах бедар майрамы үчүн уюштурулган парктарга, аянттарга барышат. Ишенимдерге ылайык бул күнү үйдө бир да тирүү жан калбашы керек. Анткени бул күнү периштелер келип ар бир үйдү ар кандай жамандыктардан, бөөдө кырсыктан тазалап, ырыскы, береке чачат. Ал эми   үйдө бирөө жарым бар болсо периштелер ал үйгө кире алышпайт деп ишенишет.

 

Иран эли ноорузга арналган эки жумалык узак эс алуудан кийин жаңырган жылдан он үчүнчү күнү сиздах бедар майрамын үй-бүлөө, жоро-жолдоштору  менен табияттын кучагында шатыра шатман майрамдашат. Негизинен бул күнү Ирандыктар чогулушуп шаардын четине же аянттарга, парктарга барышып, тамак аш ичип, ар кандай оюндарды ойноп шатыра шатман өткөрүшөт. Бул майрам өткөн соң мектептер, дүкөндөр, жеке жана мамлекеттик ишканалар ишке киришет.

Сиздах бедар майрамы жаан-чачын тилөө үчүн өзгөчө күн болуп эсептелет. Байыркы Иранда жылдын ар бир күнү кандайдыр бир периштелерге тиешелүү болуп, ошол күн анын аты менен коюлган. 13-фарвардин Жаан-чачын периштесинин күнү жана бул периште ат сөлөкөтүндө чагылдырылган.  Бул күнү ар кандай мелдештерди өткөрүү күнү. Өзгөчө ат менен мелдештерде жаандын периштесин чагылдырган ат сөлөкөтүндөгү белектерди жана утуштарды тартуулашкан.

Ал эми майрамдын эң кызыктуусу майрам бүтүп эл үй-үйлөргө тарап аткан маалда аткарылат.  Мында Ирандыктар үйлөрүнөн ноорузга карай өстүрүлгөн жашылданып өсүп калган буудайды ала чыгышат, анткени жаңы өсүп келе жаткан буудай он үч күн ичинде эски жылдан калган жамандыктарды  оору-сыркоонун баарын өзүнө сиңирип алат деп эсептешет. Ошол себептен жашылчаны үйгө калтыруу мүмкүн эмес жана аны үйдөн алып чыгуу менен  үйдөгү жамандыктардан, оору-сыркоо, бөөдө кырсыктан алыс болобуз  деп билишет. Жашылчаны агып турган арыкка же болбосо дайрага алардын жамандык, оору сыркоолорду кошо агызып кетсин деген ниетте салышат. Ал эми жаш кыздар жана уландар жашылчага жип байлап жаңы жылда багы ачылып, өмүрлүк жолдошун же колуктусун табууга ниет кылып сууга ыргытышат. Эгерде байланган жашылчанын жиби үзүлсө же чечилсе, анда ойлогон ой-максаты ишке ашат. Андан тышкары  жаңы үйлөнгөн жубайлар да балалуу болуу үчүн ниет кылышып, жашылчаны сууга агызышат. Ал эми бул күнү бөлөк бөтөн адамдын жашылчасын кармоо же болбосо үйгө алып келүү жаман жышаан болуп эсептелинет. Анткени аны үйгө алып келүү менен бирге бирөөнүн оору-сыркоосу же жамандыктары кошо келет деп эсептешет. Ошондуктан жашылчаны сууга салып, суунун агымы менен агызыш керек, муну менен үйдөгү жамандык, бөөдө кырсык, оорулар кетип, иран үй-бүлөөлөрүнө бакубат жашоо, жакшылык, кубаныч, бакыт-таалай алып келет деп ишенишет.

Аты Сиздах бедар майрамы
Өлкө Иран
ТүрүУлуту
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: