
Ялда түнү
Ирандыктар бир нече миң жылга жакын жыл сайын Ялда деп аталган күздүн акыркы, эң узун жана эң караңгы түнүн майрамдап, ага карай ар кандай жөрөлгөлөрдү, каада-салттарды өткөрүп келишет. Бул түн Ирандын ар кандай шаарларында өз каада салттары менен өтөт. Бул түндө күн экватордон мүмкүн болушунча алыстайт да, натыйжада түндүк жарым шарда кыш, ал эми түштүк жарым шарда жай болот. Кыштагы ызгаар миңдеген жылдардан бери байыркы жөрөлгөлөрдү өткөрүү үчүн себеп болуп келген. Байыркы Иранда кыш чилдеси, еврейлерде ханука, христиандарда кристмас деп аталып келген. Бирок бул жөрөлгөлөрдөн башка ар бир өлкөлөрдүн маданиятында жылдын эң узун түнүн унуткарбай дайым өткөрүп келген ырым жырымдар бар. Ялда сөзү Сасаниддер доорунда сирий алфавити (оңдон солго карай жазуу) доорунда эле колдонулуп баштаган. Ялда – жаралуу, төрөлүү, пайда болуу маанисин туюндуруп, сами тилинен парсы тилине кирген. Ирандын көбүнчө бөлүгүндө, өзгөчө Түштүк жана Түштүк-Чыгыш аймактарында Ялда түнү ордуна чилде түнү деген сөз колдонулат. Ялда түнү майрамы толугу менен жандуу майрам жана бул майрамды дүйнө жүзүндөгү бардык христиандар Христостун төрөлүшүн майрамдашат. Кыштын эң алгачкы узун түнү жана жылдын эң узун түнүндө өткөрүлгөн ялда менен жөрөлгөлөрдүн абдан узак тарыхы бар. Ал митра кудайына байланыштуу байыркы Ирандагы эң байыркы майрамдардын бири. Аны Шаб-е челле (түн чилдеси) деп да аташат. Улуу чилде Иран жылнамасы менен дей айынын биринен бахман айынын онуна чейин созулат. Бул убакта суук күчөйт жана бахман айынын онунан жыйырмасына чейин кичи чилде болуп, суук бир аз басаңдайт.
Байыркы замандан бүгүнкү күно чейинки Ялда түнүндө өтүүчү атайы каада-салттар менен жөрөлгөлөр.
Байыркы Иранда өткөн эң маанилүү түндөрдүн бири – бул Ялда түнү. Ал ирандыктар үчүн байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган абдан маанилүү майрам. Ал азыркы тапта да өлкөнүн бардык аймактарында майрамдалып, кечки оюн зооктор менен коштолуп, байыркы салт катары эсептелет. Ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн баалуулугун жоготпостон, тескерисинче ирандыктардын арасында өзгөчө мааниге ээ.
Ялда түнү башкача айтканда күздүн эң акыркы күнүндө, жылдын эң узун түнү Иран жылнамасы менен 30-азер күнү күн баткандан баштап дей айынын бири (2020-жылы 20-декабрда күн баткандан баштап, 21-декабрь күн чыкканга чейин) күн чыкканча майрамдалат жана бул майрамдан кийин түн кыскарып, күн узара баштайт.
Өзүңүздөр билгендей, ялда майрамынын тарыхы байыркы замандарга барып такалганы менен, анын кайсы кылымга таандык экени жөнүндө так маалымат жок. Бирок көптөгөн археологдор Ялда майрамынын тарыхын жети миң жыл мурун деп билишет. Алар биздин заманга чейинки доордо табылган чопо идиштерди далил катары беришкен, анткени ал идиштерде иран айларындагы айбанаттардын букачар, чаяндын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Албетте, археологиялык ачылыштар, кол жазмаларда далил жок, бирок археологдор 7000 жыл мурун да ялда майрамына карата жөрөлгөлөр жасалган деп ишенишет. Ал эми ялда майрамын майрамдоо б.з.ч. 500 жыл мурунку доорго алып барат, анын байыркы ирандыктардын жылнамасына расмий түрдө кириши Дариуш I дин дооруна дал келет.
Ялда майрамынын тарыхы митра ырым-жырымдарына байланыштуу. Бул түнү – парстардын зороастризм заманынан башталган жакшылыктын, жарыктын жана Күн Кудайы болгон Митра туулган түн. Кышкы күндүн суугуна байланыштуу бул майрам бир күн артка же болбосо бир күн алдыга жылдырылып майрамдалышы да мүмкүн. 2008 – жылы Ялда түнү Ирандын улуттук баалуулук тизмесине расмий түрдө кирген.
"Дей", - бул зороастризмди курган кудай, кийинчерээк жарыктын кудайы катары берилген. Даанышман лингвисттер англисче "day" – “күн” так ушул кудайдын атынан алынган деп билишет.
Бул майрамдагы жаңы жемиштердин тасмалга коюлушу байыркы салттагы кудайлардын молчулук жана түшүмдү сактоо тилеги менен дубасын эске салып дыйкандарга болгон өзгөчө сый урматты билдирет.
XIII кылымдын аягында Саади өзүнүн Бустанында: “Чыныгы таң Ялда түнү бүтмөйүнчө келбейт” деп жазган.
Байыртадан караңгы түн – туңгуюкту жана түнттүктү туюндурат эмеспи, андыктан түндүн узун болушу менен жамандыктын кудурети күчтүүрөөк болот деп билишкен. Бирок, ага карабастан эл ошол эң узун караңгы түндөн кийин күндүн узарып баштаганына байкоо жүргүзүшүп, Ялда түнүнүн өтүшү менен түн кыскарып, күндүн узарып башташы – жарык менен жакшылыктын жышааны катары кабыл алып, караңгылык менен жамандыкты жарык менен жакшылык жеңет деп билишет.
Ялда түнүнүн майрамдалышынын дагы бир негизи, күзгү мол түшүм, жыйым-теримдин аякташы менен дыйкандар чоң майрам өткөрүшкөндүгүнө байланыштуу.
Байыркы жөрөлгөлөргө ылайык, дей айынын биринчи күнүндө перс падышалары тактыларынан түшүп, ак кийим кийип талаага барышкан жана ак килемге отуруп, кол алдында иштеген кызматчылар, малайлар, күңдөр жана башка кызмат кылуучуларга бир күн эркин жашоого укук беришкен. Бул күнү шаар ичинде эч кандай милдеттеме жок болуп, падыша, вазир, малайлар, кедей-кембагалдардын баарынын укугу бирдей болгон. Бирок бул айтылган уламыш чындык деп эч ким далилдеген эмес, андыктан болгону бир уламыш болуп кала берет.
Бул майрамдын дагы бир чоң өзгөчөлүгү Иран эли Хафиз ырларынын жыйнагы менен төлгө тартуусунда.
“Шабе Ялда” түнүндө жаңы жана кургатылган мөмө жемиштер, ажил(туздалган жана куурулган фисташка, фундук, жаңгак, миндаль, күн карама, ашкабак, дарбыз дандары жана буурчак). Дагы бир өзгөчө нерсе, ден-соолуктун символу катары дасторконго сөзсүз түрдө анар, дарбыз, коон коюлушу керек.
Бул түнү бардык тууган-туушкандар, жоро-жолдоштор, жакшы санаалаштар үйдөгү очоктун жанына чогулушуп атайы Ялда түнүнө даярдалган дарбыз, коон, анар жана ажил жеп, ар кандай жомокторду, ырларды окуу менен бирге шатыра-шатман дарбыз, анар жешет. Дарбыз – бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү Дарбыз жеген адамдын жылы бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Анткени ден-соолук күлкү, шаттык, жигердүүлүктүн дегеле баардык жакшылыктардын башаты жана мүлкү эмеспи. Бул түнү жогоруда айтылган Хафиз ырлар жыйнагынан төлгө салышып, дуба кылышат таң заарга чейин укташпай, ниеттери кабыл болуусун жараткандан тиленишет.
Ялда түнүндөгү жөрөлгөлөр
Ялда түнүнө карата белгилүү жөрөлгөлөр деп от жагуу, ак сакалдар менен улууларардын жомок, уламыш жана дастан айтуусу, таттуу-ширин, тамак аш жеп, Хафиздин төлгө тартуусун айтсак болот.
От жагуу
Байыркылардын ишеними боюнча от жагуу – жарыктын жана күндүн жышааны болгон, ал эми кээ бирлер балбылдап жанган от караңгылык менен жамандыкты жеңет деп ишенишкен.
Ялда түнүндө уламыштарды окуу, макал-лакап айтуу
Ялда түнүндө үй-бүлө мсүчөлөр, бир туугандар, жоро-жолдоштор чогулушуп ак сакалдар менен улуулардын дастан жана макал-лакап айтуусун угуп, көңүл ачып отурушат. Өзгөчө алардын жашаган шаары, аймагы жана өз мекени, жергеси жөнүндө абдан кызыктуу уламыштарды, жомокторду, ирандыктардын тарыхына байланыштуу дастан, жомоктор аркылуу жаңы муун өз мекени, жери жана шаары же болбосо айылы жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алып, ооздон озго, урпактардан урпактарга өткөрүп берип, өз тарыхын, уламыштарын сактап келишет.
Шахнаме окуу жана Хафиз төлгөсү
Байыртадан бул түнү чогулган ирандыктар шахнаме окуп, Хафиздин төлгөсүн салышканы салтка айланган. Хафиздин төлгөсүн улуулар ачышкан жана төлгө салдырууну каалаган жаштар ниеттерин өз ичинен кайталап, төлгө салган адамга барышкан. Ал адам “Хафиз Ширази, Сен ар бир сырдын түйүнүсүң, ал эми мен төлгө ачуучумун, коюлган ниетиме туура жобуңду бер” деп Хафиз китебин ачып, ачылган беттин оң тарабындагы алгачкы ыр саптарды окуган. Ал саптардын мааниси төлгөнүн жообу болгон, ал эми төлгө ачкан адам ал ыр саптарын чечмелеп түшүндүрүп берген. Андан тышкары бул түнү Шахнаме окуу да салтка айланган.
Ошентип, ирандыктар таң атканча уктабай дуба кылып, шатыра-шатман, күлкү менен көңүл ачып, караңгы түн, кайгы капа, баардык жамандыктарды жеңдик деп билишет, анткени Ялда түнүнөн кийин күн узарып баштайт жана жакшылык көбөйөт деп билишет.
Аты | Ялда түнү |
Өлкө | Иран |
Түрү | Улуту |





