Мустафа Рахмандуст

Мустафа Рахмандуст

Мустафа Рахмандуст

“Жүз даана лаал (рубин) ташы” аттуу чыгармасы менен таанымал болгон Мустафа Рахмандуст – жаштар жана балдар чыгармаларын которгон котормочу, белгилүү жазуучу жана  поэт 1950-жылы 22-июнда  жарык дүйнөгө келген.  Ал Тегеран университетитинин Фарсы тили жана адабияты адистиги дипломун алгандан соң Межлистин  китепканасында кол жазма китептери адиси болуп эмгек жолун баштаган, андан кийин  “Балдар жана жаштар интеллектуалдык өнүктүрүү” борборунун жетекчиси, “Рошд” (Өнүгүү) басмаканасынын жетекчиси,  Окуучулардын өнүгүүсү журналында башкы редактор, Балдар жана жаштар журналынын түптөөчүсү жана башкы редактору болуп эмгектенген. Андан тышкары, Иран Ислам Республикасынын Маданият жана ислам багыты министрлигинин маданият бөлүмүнүн жетекчиси болуп үч жыл кызмат кылган жана анын айтканы боюнча,  ал, балдар жана жаштар адабиятын чет тилдерге которуу  ошол жылдары башталган. Мустафа Рахмандуст  балдар жана жаштар адабияты, алар үчүн дастан жазуу боюнча Жогорку окуу жайларда мугалим да болгон. Ал пенсияга чыккандан кийин Амир Кабир басмаканасындагы “Шокуфе” тобунун балдар жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси, Ирандын улуттук китепканансынын балдарга жана жаштарга  арналган адабий чыгармаларынын кеңешчиси, Исфахан шаарындагы  “Балдар жана жаштар көркөм тасмаларын эл аралык фестивалынын” жана да “Балдар жана жаштар театры эл аралык фестивалынын” эл аралык деңгээлдеги калыстар тобунун эң маанилүү делген мүчөлөрүнүн бири. Ал “Жылдын мыкты китеби” “Китеп жана балдар прессасы” жана Ирандагы балдар музыкасы союзу менен балдар адабияты союзунун мүчөсү болгон.

         Азыркы тапта, Мустафа Рахмандуст  балдар жана жаштар үчүн көптөгөн чыгармаларды, ырлдарды жаратып гана тим болбостон, атайы балдар жана жаштар үчүн дастан жазуу боюнча сабак берип эмгектенет жана улуттук китепкананын  балдар жана жаштар адабияты бөлүмүндө да өз салымын кошуп келет.

 

Мустафа Рахмандусттун белгилүү чыгармалары

         Балдар адабиятында атагы чыккан ирандык жазуучунун калеминен чыккан 160 чыгарма балдар жана жаштарга арналган ырлар жыйнагы, балдарга жана жаштарга арналган чыгармалары менен котормолору Иранда  жана чет өлкөлөрдө жарык көргөн.

Анын 5 жарым миллион нускага жетип жарык көргөн чыгармалары төмөнкүлөр:

Оңой маданият: Балдар жана жаштарга арналган даанышнама (энциклопедия),

Макал лакаптар сөздүгү: Абдан баалуу Иран макал лакаптар жыйнагы

         Балдар үчүн ырлар: балдар үчүн алдей ырлар жыйнагы, өзгөчө “Ашура алдейи” ыры элдин сүймөнчүлугүнө ээ болгон. Андан тышкары ирандын фольклордук адабиятынан тамыр алган “Беш манжанын жомогу”, “Манжалар менен оюн” ырлары жана башка ошол жыйнактардагы ырлары швед тилине которулган. Андан тышкары ал ырларын Америкадагы агасынын жардамы менен жарыкка чыгарган китептерин башка мамлекеттерде жашаган иран балдары жана жаштары окуп, үйрөнүп гана тим болбостон сатып алууга мүмкүнчүк түзгөн.

         Мустафа Рахмандуст - “Менин эң алгачкы жаттаган ырларым Моулавинин Маснавилери болгон. Маркум апам кээде маснавиден жомокторду окуп берчү эле. Ал акырын чыккан жумшак үнү менен өз атасынын үйүнөн үйрөнгөн маснавинин жомокторун жатка айтып берчү.   А мен апамдын жылуу, жумшак жана коңур үнүнө куштар элем. Ал эми үйдөгүлөр үй жумуштары менен алек болуп атышканда, маснави окушчу, а мен болсо кубулжуган коңур үн, жылуу сезим менен окулган ырларды угуудан рахат алып, тыңшаган бойдон турган ордумдан кыймылдабай катып калчумун”- деп эскерет.

Мустафа Рахмандусттун жашоосу жана ырлары  (жазуучунун өз сөзү менен).

 

         “Мен 1950-жылы 22-июнда Хамадан шаарында төрөлгөм. Бала чагым жөнүндө эсте калаарлык деле нерсе жок, баардык балдардай эле ойноп-күлүп, мектепте окугам. Абдан маанилүү деле оюнчугум жок болчу. Менин ойной турган жерим биздин көчөдөгү арык эле. Үйдүн жанында, арыктын жолун бүтөп, сунун агымын дарактар тарапка бурчумун. Жасалма көлмө жасап, шымымдын багелегин түрүп сууну кечип ойночумун. Мектепте 5-класста окуганымда ыр жазууга шыгым, талантым бар экенин түшүнгөм. Түн ортосунан ооп калган маалда мени мончого баруу үчүн ойготушту, жумасына бир жолу түнкүсүн мончого барчу элек, анткени күндүзү мончо аялдар үчүн иштечү.  Мончодон үн чыгаар замат мени ойготушуп, уйкулуу көздөрүм  менен үйдүн жанындагы караңгы көчө менен мончону көздөй жөнөдүк. Мончодо кичине балдардын иши чоңдорго жардам берүү эле: бирөөнүн башына суу куюп берип, бирөөнүн артын жышып берип ... дегендей.

Ошол түнү да атамдын айтканы менен абдан арык, алсыз бир адамга  жардам бердим. Ал адам абдан арык болгондуктан кабыргалары саналып турду. Абдан таң калып, мынчалык арык болуунун себебин сурадым. Ал көзүнө жаш алып, абдан оор илдетке чалдыкканын, сапарга чыгып эми үйүнө кайтаар алдында жуунуп алуу үчүн мончого келгенин айтты. Ошол түнү мен уктай алган жокмун. Ошол адамдын азабын жазууга аракет кылып, төмөндөгү ыр саптарын жазганга аракет кылдым.

Болуптур саякатчы  ал бир жолдо                  Алсыз экен, азыгы аз узак жолдо

Деген ыр саптарын баштап улантып кеттим. Эртеси мектепке барганымда ал ырды  сабакта окуп бердим, муглимим мени кунт коюп угуп отуруп, сен акын турбайсыңбы, сенин азыркы окуганың ыр деди. Ал ырымдын алгачкы саптары Самат Боружердинин калемине таандык экенин кийинчерээк билдим. Самад менен Гамаринин чыгармаларын бала чакта далай угуп жүрчүмүн. Атам отургучка отуруп алып Самат менен Гамаринин ырларын ырдап берчү. Ал эки акын тең Кербала тууралуу ыр жазышчу. Атам абдан кайраттуу, күчтүү адам эле, бирок Кербала жөнүндө ырларды ырдаганда, көзүнө жаш алчу, аны көрүп мен абдан таң калчымун. Анткени абдан күчтүү, кайраттуу атамды ыйга салган ырда кандай таасир, кандай күч бар экенин, Самат менен Гамардын кагаз бетине түшүргөн кара сөздөрү, ырлары эмне жөнүндө экенин билгим келчү. Ошентип кичине чоңоюп, акыл кирип калганда ал эки адамдын чыгармаларын окуп чыктым. Самат фарсы тилинде жазган жана тамгалары боз түстө басылып чыккан эле, мен аны окуп чыгып, бир аз сөздөрүн гана түшүндүм. Бирок Гамаринин чыгармалары түрк тилинде абдан оор жазылгандыктан менин сабатым менен ал ыр саптары ортосундагы аралык абдан чоң эле.

          Бала чагымдагы эң эле оор күндөр “кийим жууш” эле. Өзгөчө кыштын суук ызгаарында суу ысытуу, дагарадагы кийимдерди колго ушалап жууш, аларды сыгуу абдан түйшүктүү эле. Кыштын күнүндө тоңуп калган жайылган кийимдерди кургатуу да өзүнчө эле бир түйшүк эле.  Апам кийимдерди жууп баштагыча, мен ал жака жетип барчумун да, жеңдеримди түрүп кийимдерди ушалап жууганга киришчүмүн. Апам үнүн көтөрүңкү чыгарып кыңылдап ыр ырдачу. Таң заардан кечке чейин жууган кийимдерди дагарага салып башыбызга коюп аларды чайкоо үчүн үйдүн жанындагы  булакка  келээр элек. Негизинен булактар төмөн жакта жайгашкандыктан 10-20 тепкич төмөн түшчүбүз. Ал убакта электро энергия жок болчу, айлана караңгы, жымжырт эле, бир гана суунун шылдыр акканы угулуп турчу. Маснави угуу үчүн андан артык кандай жер болушу мүмкүн. Чочун бироо угуп калат деген коркунуч да жок болчу. Эң кызыгы ал убакта балдар топ топко бөлүнүп алып мектепте же мектептен тышкары да бири бири менен урушушчу. Мен да четте калбай эки жакта тең жигердүү катышчумун. Ошентип өзүбүздүн топтун атаманы да болуп алдым да, башка топтун балдарына чабуул кылчубуз, аларды токмоктоп кайра токмок жеп, акыры кийинки кыйтык таап урушканга чейин дос болуп калчубуз. Мектепте да жакшы окуган, таанымал окуучулардын бири болчумун. Тайэжемдин үйүндө эскилиги жеткен Хафиздин китеби бар болчу, мен тайэжемдин үйүнө дал ошол Хафиздин китебинен бир канча бейт окуп калуу үчүн ар кандай шылтоо таап дембе дем бара берчүмүн.

         Мага сен акын экенсиң деп айткан учурдан баштап, эч тынбастан алдыга жүткүндүм, ыр окуй турган жерлерде бейттерди жатка билбей калсам, мааниси бар болобу жок болобу оюмдан чыгарып окуп берчүмүн. Ошентип баштапкы мектепти бүтүп орто мектепке кирдим. Алгачкы үч жыл Ибн Сина мектебинде окудум. Ал меткептин китепканасы абдан жакшы болчу, болгону ал жактан китеп алып окуу бир тозок эле. Ошого карабастан андаги китептердин көбүн окуп чыктым. Женишпеген китептерди акы төлөп алып, бат баттан окуп чыкчумун. Ал убакта китепти бир күнгө бир риалга (риал – Иран акча бирдиги) алчубуз. Кээде окубаган китептерди досторум кыскача айтып беришчү. Кийинки үч жыл китепканасы жок, бирок адабият багыты бар Амир Кабир мектебинде билим алдым. Кийинчерээк ал мектептин бир бөлмөсүн китепкана кылуу үчүн жүздөгөн эшик, дарбаза каккыладым. Акыры китепкана ачтык, ага революциядана кийин Билим жана илим министри болуп турган Карами агайдын жардамы, кошкон салымы чоң. Алар өзүлөрү да Хамадан шаарындагы Мирзатаги мечитинде  Хирад китепканасын ачышкан. Ал жак да менин экинчи үйүмө айланган, бирок китептердин көбү диний болгон жана диний сабактар өткөрүлүп турган. Куран окууну -  чоң апамдын үнүн акырын чыгарып небере кыздарына окуп бергенинен улам баштагам. Ал жумасына бир жолу баштыка нан, эт, нокот толтуруп айылдагы бей бечараларга берүү үчүн менин ийиниме артып, алардын үйлөрүнө барчубуз. Алардыкынан чай ичип, ал сураша жайма жай сүйлөшүп олтуруп, ал үйдүн энчисин берип коштошуп чыкчубуз. Андан кийин Куранды кырааты менен окуу үчүн жүма сайын боло турган  курска катыштым.  Мектепте атамдын  демилгеси менен ар кандай кружокторго катыштым. Мугалимдеримдин арасынан эң мыкты деген үч мугалим бар болчу, алардын бири афгандык Талаби болгон, анткени ал бир гана араб тилин гана билбестен  фарсы адабиятын да жакшы билген жана кээде ырларды окуп, аларды чечмелеп, тушүндүрүп берчү. Ошентип ал курсту да аяктадым, бирок ошол тапта эч нерсе деле түшүнбөптүрмүн. Мектептин акыркы классында окуп жаткан учурда музыкага, сүрөт тартууга кызыктым, сүрөт тартууда анчейин ийгиликке жетишкен жокмун, бирок музыкада ийгиликтерге жетишип бүтүрүү кечемде сантурда (Сантур - ирандын музыкалык аспабы)  кубулжута кол ойноттум. Бирок бул ишти университетке барганымда уланткан жокмун.

          1970-жылы окуумду улантуу үчүн Тегеранга келип Фарсы тили жана адабияты факультетине тапшырдым. Тегеран шаарында Али Шарияти, Мортаза Моттахари жана Бехешти аттуу дааншыман, профессорлор менен таанышууга шарт түзүлдү. Ошол күндөрдөгү, көптөгөн даанышман адамдардын сабактарын, лекцияларын угуу, ар түрдүү адабий кечелерге, жыйындарга, конференцияларга, тегерек столдорго катышуу мен үчүн баа жеткис кенч болду. Менин алгачкы чыгармам – романым мектепте окуп жүргөн убакта басылып чыккан. Ал дагы атайы балда үчүн эмес жөн гана аймактык журналга чыккан. Студенттик күндөрүмдө гессе ырларды көп жазып, чыгардым. Алардын баары чоңдор үчүн жазылган, бирок студенттик күндөрүмдүн акырында  “Балдар жана жаштар адабияты” менен таанышып, ушул жолду тандоону чечтим. Психологияны окудум, жөнөкөй жазууну өздөштүрдүм, балдарга арналган китептердин далайын барактап көз жүгүрттүм, балдардын мугалими болдум жана бир нече жерде мугалим болуп иштедим. Балдарга арналган алгачкы гессеме жетекчилер менен өзүмдүн тайэжем баа беришти, андан соң ыр жазып баштадым. Балдар үчүн ыр жазууда балдарга жакшы маанай тартуулап, аларды шаттыкка бөлөө кандай бакыт”.  

Аты Мустафа Рахмандуст
Өлкө Иран
Лакап атМустафа Рахмандуст
Жүз даана лаал
Yard periodcontemporary
ТүрүLiterary

Islamic Culture and Communication Organization is one of the Iranian organizations which is affiliated to the Ministry of Culture and Islamic Guidance; and was established in 1995.[Дагы]

Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: