
Парвин Эттесами
Иран акын айымы - Парвин Эттесаминин өмүр баяны
Иран акындарынын эң белгилүү жана сүйүктүү акын айымы. Парвин Эттесами 1907-жылы 16-мартта Тебриз шаарында жарык дүйнөгө келген, бирок бала чагынан эле ата-энеси менен Тегеран шаарына көчүп келип, борбор калаада отурукташып, жашап калган.
Парвин Эттесаминин атасы данышман жана жазуучу кадырман адам болгондуктан акындын жашоосунда маанилүү орунда турган. Ал кызынын жөндөмүн байкап, ага ыр жазууда көптөгөн дем-күч берип кубаттап турган. Эттесам Альмольк аты менен таанымал болгон Парвиндин атасы Юсуф Эттесами – абдан кыраакы, көрөгөч, кадыр барктуу адам болгон. Ал Тебриз шаарындагы эң алгачкы Басмакананы түптөгөн. Бир нече убакыттар Межлистин өкүлү кызматын аркалаган. Парвиндин атасы Эттесам Алмольк “Бахор” (Жаз) журналынын жетекчиси болгон жана Парвиндин алгачкы ырын так ушул журналга чыгарган. Парвиндин ырлар жыйнагы 5 миң бейттен туруп, баа жеткис ыр саптары келтирилген. Парвиндин атасы Эттесам Алмольктун төрт уулу жана бир кызы болгон. Ал илимий изилдөө иштерине жан дүйнөсү менен берилген жана анын үйү Малек аш-Шоара Бахар, Алламе Дэхкода сыяктуу белгилүү адабиятчылар байма байтчогулуп турган жер болгон. Таланттуу кичинекей кыз Парвин Эттесами ушундай маданий, таланттуу даанышман акын жазуучулардын чөйрөсүндө чоңойгон.
Парвиндин апасы Ахтар Эттесами акылман, сабырдуу, үй-тиричилигине тың жана таза аял болгон. Ал кызынын чыгармачылык жолун назик жүрөгү менен сезип, мээримин чачкан жана кызынын чыгармаларын абдан ынтызар менен окуган.
Парвин Эттесами бала чагынан эле көп окуган. Анын үй-бүлөсү илимге берилген ак сөөк адамдардан болгондуктан илимий, маданий, өзгөчө адабий чыгармаларды алар менен аралашып, сүйлөшүп жүрүп таанып-билген. Ал эми Парвин 11 жашында Фирдоуси, Низами, Мулана, Насыр Хосроу, Манучехри, Анвари сыяктуу Ирандын белгилүү акындарынын чыгармалары менен таанышкан.
Ал эми Парвиндин окуучулук жана чыгармачылык күндөрү жөнүндө жогоруда айтып өткөндөй ал бала чагынан чыгармачылыкка кызыгып, көптөгөн ирандык жазуучу даанышмандардын чыгармаларын калтырбай окуп, алардын баарын жакшы билген. Ошентип анын атасы Парвинге ырлардын көлөмү менен стилин үйрөнүү боюнча көп тапшырмаларды берип, көп машыккан. Кээде ал кызына байыркы акындардын ырларынын негизинде жаңы ыр жаратуу, же болбосо анын көлөмүн же болбосо стилин өзгөртүү үчүн жана кээде алардын жаңы уйкаштыктарын (рифма) табуу үчүн тапшырма берип турган. Мындай көнүгүүлөр жаш акынга ырларындагы сөздөрдүн уйкаштыгы, алардын оордун таамай таап койгонго жана ыр жазууда тажрыйба топтоого жардам берген. Парвин атасынын жардамы аркылуу фарсы жана араб адабияты менен кеңири таанышып, кичине чагынан эле ыр жазып баштаган. Ал окуусун бүткөн соң бир нече убакыт окутуучулук кесип менен алектенген. Ошол маалда, ага шах сарайына кызмат кылуу сунушталган бирок, Парвин өзүнүн көз карашы менен Пехлеви режиминин ишенимдерин эске алып, ал сунуштан баш тарткан. Ал эми анын атасы Юсуф Эттесам Алмольк көп жерлерди кыдырган. Парвин атасы ээчип, ал барган жерлердин баарын көргөн. Ошентип атасынын Ирандын бардык шаарларына жана башка мамлекеттерге болгон сапарлары менен Парвин жаңы идеяларды тажрыйбаларды топтогон. Азыркы замандын ойчулу Мухаммад Казвини1935-жылы жарык көргөн Парвиндин жыйнагынын биринчи томун окуп чыгып, анын ырлары тууралуу мындай деген.
“Барынан да таң калтыра турган нерсе – бул Парвин Эттесами айымдын ырларынын чыгармачылык таланты. Ал өзүнүн ырларында эң мыкты сөздөрдү жана сөз айкалыштарын таамай таап колдонгону, анын чеберчилиги көптөгөн жылдар бою окуп жана иштеген тажрыйбасынын, көптөгөн илимпоздор жана даанышмандар менен болгон мамилесинин тажрыйбасы”.
1937-жылдагы Парвин Эттесаминин атасынын өлүмү аны кайгы-капа, муң, кайгыга чөмүлткөн. Мындай кайгылуу окуядан кийин Парвин достору менен сейрек кездешип, убактысынын көбүн жалгыздыкта өткөргөн. Атасынан айрылган Парвин Эттесами күйүтү күчөп, ич келте оорусуна чалдыгып 34 жашында 1941-жылы 14-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын сөөгү Кум шаарында жерге берилген.
Парвиндин ырлар жыйнагы адеп-ахлак жана социалдык маселелерди камтыган касыдалардан, кыта, маснави жана газелдерден турат.
Парвин азыркы Иран адабиятында жогорку жана маанилүү орунда турат. Яхья Арйан Пурдар “Нимадан бүгүнкү күнгө чейин” атту китебинде Парвин жөнүндө “Селжук доорундагы – Махасти сыяктуу акын айымдар көп болгон жана Парвинден кийин да кээ бир акын айымдар акын мырзалар менен бирдей ийгиликтерге жетишишкен. Бирок алардын бирин да Парвинге теңөө мүмкүн эмес. Анын ыр саптары баа жеткис жана мааниси бийик. Парвин өзү жөнүндө, айымдардын каалоосу жүрүм-туруму жөнүндө жазбайт, ал өзгөчө идеяларды жана ишенимдерди таратып, үгүттөөнү максат кылбайт. Ал жаңы ой-толгоолорду үгүттөп, өзүнүн ырларын адеп-ахлактык жана коомдук оңолууларды чагылдыруу үчүн гана колдонгон. Парвин Эттесаминин ырларынын мазмундук мааниси, өзүнө жандуу жана түркүн көрүнүштөрдүн камтып, окурмандарга кубаныч, толкундоо жана кайраттулук тартуулайт.
Парвин акылмандуулук, адептүүлүк, керемет күчтөрдү айкалыштырып, өзүнчө бир стиль жарата алды. Анын ырлары классикалык ырлардын катуу техникалык эрежелерине карабастан – жөнөкөй, уккулуктуу жана бири-бири менен таң калаарлык уйкалышкан. Анын ырларын талыкпай окуп, ырахат алууга болот. Парвиндин ырларынын өзгөчөлүгү – бул чын жүрөктөн берилиши жана тоналдуулугу, табигый көрүнүштөрдү жандуу сүрөттөшү, ой-толгоолорунун ар түрдүүлүгү жана коомго тараган башкаруулар менен ишенимдерден кутулуу.
Парвиндин ырларындагы оор маселе – анын сезимдерин жарып өткөн оор маселе. Катаал жашоодогу адамдардын кыйычылыктарын түшүнүү вазыйпасын чагылдыруу. Мунун баары акындын ырларынын перс адабиятындагы негизги темасы. Мындай жетишкендиктердин туу чокусуна чыгуу материалдык жана тынчтыктын жолу менен эмес, руханий тазалануунун жардамы менен болгон. Парвин Эттесаминин доору маданий баалуулуктардын кыйроо доору болгон. Ошого карабай акындын ырлары акыйкаттыкты таамай айтып, баалуулуктарды сактап калуу болгон. Анын ырлары Реза Хандын жагымсыз доорунун шарттарына карабай, бүт бойдон насыяттардан жана кеңештерден турат. Ал жалпы элди таза жана акыйкат жашоого чакырат. Парвин Эттесами ыр саптарын жаратууда көбүртүп жабыртып аша чапканды жаман көргөн. Тайманбай акыйкат сөзүн сүйлөгөн акын жүрөгүнөн чыккан, өзү керектүү жана туура деп ойлогон ой-толгоолорунун барын ыр саптарына шуурудай тизип жазган. Анын сөздөрүнүн жөнөкөйлүгүнө карабай, ал эң мыкты жана көп маанилүү сөздөрдү камтый алган. Ал өзүнүн ыр саптарында окурмандарга жашоодогу бактылуулукка жана кереметке жол көрсөтөт. Ал билим жана тырышчаактык жашоодогу баардык кыйынчылыктарды жеңүүчү каражат экенин айтып өтөт. Парвин Эттесаминин чыгармачылыктагы жетишкендиктеринин эң негизги себеби – бул анын айлана чөйрөгө болгон таамай жана туура ой-толгоолорунун тереңдиги. Анын ой-толгоолору карапайым элдин кайгысы жана капасы менен бирге болгон. Ал ырларында жер жүзүндөгү ар бир адамга акыйкат жана ак ниет жашоону каалаган. Ал бир гана адамдардын татаал жашоосун чагылдырбастан, алардан кутулуу жолун да чагылдырган. Ал ырларынын көбүндө зордук-зомбулук, эзүүчүлүккө каршы аракеттерди чагылдырган.
Илим – жашоо байлыгы, алтын эмес, мүлк эмес,
Жан дүйнөнү байытууга умтулууга кеч эмес.
Сезе билбейт бай адамдар өзү мүлксүз калбаса,
Кедей менен дербиштердин басып өткөн жолдорун.
***
Кедейлике жанашкан өзүмчүлдөн алыс бол,
Эң алгачкы эңсегени бийлик байлык алардын.
Ал жайыңды сурабаса, анда андан не пайда?
Бийлик шамы, байлык кенчи бары бирдей аларга.
Кечиримдүү сабырдуу бол Парвиним,
Ал анткени дилибиз да жаныбыз да, бир Кудайга
***
– Эл ичинде, ала жүрөт далилдерин уурулар!
Теришет жетимдердин мончоктогон көз жашын.
Кулпунайдай татту каны элдин аларга,
Бөрүбү, карышкырбы: көрүнбөйт го тиштери?
Жан какшаган элдин үнү угулабы аларга,
Падыша деп атайбыз биз, бирок кимди, кандайча?
Ичи таар, бир ал байкуш адамбы?
Элде жүрөт элди соруп, элди тоноп далбастап.
Өз элинин үнүн укпай, болгон экен кер да көр,
Ачуу чындык элге жакпайт Парвиним
Сенин ырың так ушуну чыркырайт.
Аты | Парвин Эттесами |
Өлкө | Иран |
Лакап ат | Парвин Эттесами |
Өндүрүш убактысы | 19 кылым |
Ырлар ныйнактары "Нимадан бүгүнкү күнгө чейин” |



