
Абулкасым Фирдоуси
Атагы бүт ааламга таанылган, түбөлүк даңка ээ болгон фарс адабиятынын жана поэзиясынын жана да Иран элинин мартабасын көтөргөн даанышмадардын бири Абулгасым Фирдоуси. Ал 932-940 жылдардын аралыгында Тус шаарына жакын Хорасанда, дыйкандын үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Фирдоуси бала кезинен эле билимге берилип, билимдин изине түшүп ошол доордун фарсы жана араб адабий тилин жакшы билүү менен өткөн урпактардын маданияты, тарыхы жана ата-бабаларынын тили болгон Пехлеви тилин да жакшы билген. Анын логика жана грек философиясын өздөштүрүүсү, “Шахнаме” (шахтар китеби) китебинин бөлүмдөрүндө чагылдырылган. Фирдоуси көп жылдары Газнидеги Махмуд Газневи султанатында кызмат кылып өзүнүн чыгармачылыгын “Шахнаме”ге арнаган. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Фирдоуси “Шахнаме” китебин Махмуд Газневиге тартуу кылат бирок Махмуд султан ага китеби үчүн болгону 20 миң дирхем берет. Мындай жоопту күтпөгөн Фирдоуси ага жооп катары Махмуд султандын кул тукумунан чыккан дегендей сатирасын жазат да, сарайдан кетип, өмүрү өткөнчө дербиш болуп дүйнө кезүүгө бел байлайт.
Күндөрдүн биринде Махмуд султан сарайында сейилдеп жүрүп, сарай акынынын “Шахнаме”ден үзүндү окуп атканын угат, ал, Фирдоусинин Махмуд султанга арналган Шахнаме китебинен үзүндү экенин жана Фирдоуси Тус шаарында жакырчылыкта күн өткөрүп жүргөндүгүн далилдеп билет. Махмуд султан кылган жооругуна өкүнүп, ошол замат Фирдоусиге 60 000 алтын тыйын жана белек-бечкек жөнөтүүгө буйрук берет. Бирок, тилекке каршы Фирдоуси оо дүйнө сапар алган болот, тактап айтканда Шаардын бир дарбазасынан Фирдоусинин жаназасын алып кетип бара аткан убакта, шаардын экинчи дарбазасынан Махмуд султандын Фирдоусиге арналган алтын, белектери жүктөлгөн төөлөр келишет. Ошентип, атагы бүт дүйнөгө таанылган Фирдоуси 1020-жылы дүйнөдөн кайткан.
“Шахнаме” жөнүндө кыскача баян
Абулкасым Фирдоусинин “Шахнаме” башкача айтканда “Шахтар китеби” ажайып поэтикалык эпосун 35 жыл жазган. Ал 60 миң бейттен туруп, адамдын ички дүйнөсүн, ак менен караны, атак менен абийир, жакшылык менен жамандыктын, суйүү менен жек көрүүнүн, күн менен түндүн, достук менен кастыктын, өмүр менен өлүмдүн, жеңиш менен жеңилүүнүн ортосундагы талыкпас күрөшүүнү баяндап, мекенге болгон сүйүүгө, баатырлык, тайманбастык жана адилеттүүлүкө көбүрөөк басым жасаган. Шахнаме чыгармасы – табияттын ажайып кооздугун, баатырлардын эрдигин сүрөттөө менен өзгөчөлөнгн абдан жакшы стилде жазылган чыгарма. Шахнаме өзүнө жогорку этикалык жана моралдуу маанини камтып, автордун ченде жок данышман экенин далилдейт.
Шахнаме – эң биринчи адам жана эң биринчи падыша Киумарс башкарып турган замандагы окуялардан башталат. Анда залим ажыдаар сымал падыша Заххакка каршы уста Кова баш болгон элдин каршылык көрсөтүп көтөрүлүшкө чыгышы уютку, негиз болуп берилген. Даанышман эл башчысынын адилетүүлүгү, өлкөнүн тагдырын чечүүчү мааниге ээ экендиги жана андан тышкары Иран менен Турандын согушу, Рустам баатырдын эрдиктери жана ал билбестен өзүнүн уулу Сиавушту өлтүрүп алгандыгы, жана да көптөгөн сюжеттер баяндалат.
Аталган поэма миң жыл ичинде көп жолу кайра жазылган. Орто кылымдагы жазуучулар автордук укукка карабай эле текстерди өздөрү каалагандай ондоп, алып салып же кошуп жаза беришкен. Ошондуктан “Шахнаменин” ар кайсы варианттарынын көлөмү ар кандай болуп, бейттердин саны кырк миңден 120 минге чейин айырма берет. Биринчи жолу алгачкы кол жазманын негизинде, СССРдин Илимдер Академиясынын алдындагы Чыгыштаануу институтунун кызматкерлери даярдаган текст чындыкка жакын болуп, ал элүү беш миң бейттен турат.
“Шахнаменин” композициясы мындай: поэма легендарлуу шахтардан баштап, тарыхый инсандарга чейин бийлеген элүү падышалыкты сүрөттөгөн баяндан турат. Сасаниддер тууралу баяндаган кээ бир эпизоддор ондогон бейттерден турса, кээ бир эпизоддор беш миң бейттен ашып кетет. Ошондой эле автор эпопеяга баатырдык жана романтикалуу пландагы кээ бир өз алдынча турган көлөмдүү поэмаларды да киргизген. Өзүнүн көркөм деңгээли боюнча бийик турган дал ошол поэмалар эл ичинде өтө кеңири белгилүү болгон. Мисалы, андай чыгармалар болуп, Кей-Кабустун заманын баяндаган текстерге киргизилген “Рустам жана Сухраб”, “Сиявуш” поэмалары эсептелет.
Изилдөөчүлөр “Шахнамени” үчкө бөлүшөт: 1) мифологиялык (систандык баатырлар пайда болгонго чейинки); 2) баатырдык (Искендерге чейинки); 3) тарыхый. Автордун өзү чыгармасын минтип бөлүп карабаганы менен изилдөөчүлөрдүн айткандарынын негизи бар.
Ар бир бөлүм Бахрам Гурдун сөзү сыяктуу алдын ала көңүл эргиткен сөздөр менен башталат. Ошол бүгүнкү дүйнөгө жана такка отуруп жаткан жөнөкөй адамдарга болгон кайрылууларда өкүмдар өзүнүн келечектеги саясий программасын айтат.
Ал эми ар бир баптын соңку бөлүмүндө акын өлүм алдында жаткан шахтын оозу менен мураскорго керээз кылып, осуят калтырат. Ошол осуяттарда бул дуйнөнү пессимисттик маанайда сүрөттөө менен бирге адилет болууга, кол алдындагыларды капа кылбоого, өлкөнү өнүктүрүү үчүн камкордук көрүүгө чакырат.
Көркөм деңгээли жана ойдун тереңдиги боюнча өзгөчөлөнгөн “Заххак тууралу баянга” өтөрдөн мурун Фирдоуси Каюмарстын небереси - Хушанды, Хушандын уулу – Тахмурастын жана Тахмурастын уулу – Жамшиддин хандык кылган мезгилдерин кыскача, бирок зор поэтикалык чеберчилик менен сүрөттөйт.
Хушан биринчи болуп отту тапкан адам. Ал бир зор жылаанды таш менен урат. Урган ташы жылаандан өтүп, аскага тиет.
Тийди аскага, таштан жылаан өлгөн жок.
Жалыны бар ташты көрдү, а бирок.
Хушан ошондой эле элди жер айдап, аны иштеткенге, темир устачылыкка үйрөтөт.
Мына ошентип дыйкан адам тер төгүп,
Нанын таап жечү болду жер бөлүп.
Тахмурас Каюмарстын жолун улап, жин-шайтандар менен согушту. Ал Ахриманды ооздуктап, ээр токуп, аны минип алып жүрчү болду. Тахмурас жин-шайтандардын үчтөн экисин жок кылды. Калган жиндер, шахтын сабатын жоюп, ал отуз тилде (пехлеви, грек, араб, перси, согда, кытай ж.б.) кат жаза ала турган билимге ээ кылганы үчүн аман калышты.
Жамшиддин заманында өлкө гүлдөп өстү. Ал адамдарды курал жасаганга, кездеме токуганга, жибек, жүн өндүргөнгө, кийим тиккенге үйрөттү. Жамшид коомду төрт катмарга бөлдү: бакшылар, жоокерлер, дыйкандар жана кол өнөрчүлөр. Шахтын буйругу менен жиндер адамдарга кызмат кылууга өтүштү. Алар эми адамдарга кирпич куйуп, там сала турган болушту.
Кристаллдан - камфар майын, уксусту,
Тапкан: бальзам, амбар, алоэ, мускусту.
Оорууларды айыктырып ал адам,
Алар үчүн дарыларды жасаган...
Кылым агып, кээде ызы-чуу болуп,
Өттү үч жүз жыл, агып өткөн суу болуп.
Ал убакта узак өмүр сүрүшкөн
Өлүм эмне – билбей жыргап жүрүшкөн.
Билген эмес эмне керек экенин.
Эмне баалуу, эмне баасыз – бекерин.
Урушпаган эл бир нерсе талашып.
Жин Адамга кызмат кылган жанашып.
Бирок Жамшид мактанып: “Дүйнөнүн ушундай экени – ал менин жаратканыма жараша болду” дейт. Ошондо кудай анын “касиетин” алып салат. (Ошондон кийин анын башка карапайым адамдардан айырмасы болбой калат).
Аты | Абулкасым Фирдоуси |
Өлкө | Иран |
Шахнаме |









