
Мулана Жалал ад-Дин Балхи
Иран жергеси атагы ааламга таанылган даанышмандардын, аалымдардын жергеси болуп саналат. Андыктан бир нече кылымдар бою ирфан жана тасаввоф жаатында көптөгөн аалымдардын ысымы чыккан. Алардын бири Мулана Жалал ад-Дин Мухаммад Балхи болгон.
Мулана Жалол ад-Дин Руми толук аты-жөнү Жалол ад-Дин Мухаммад Балхи Руми - байыркы Чыгыш элдеринин эң көрүнүктүү даанышман, философ, агартуучу, акыны жана исламдагы суфий агымынын анабашчыларынын бири. Ал 1207-жылы Байыркы Хорасандын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан азыркы Балх шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты - Мухаммад Жалол ад-Дин. Анын атасы Бахаддин Валад эл ичинде зоболосу бийик, эл урматтап сыйлаган инсан, аалымдардын Султаны деген лакап аты менен таанымал болуп, көптөгөн аалымдардын устаты болгон. Ал монголдордун чабуулуна чейин эле, үй-бүлөөсүн Балхтан Нишапурга көчүрүп кеткенге үлгүргөн. Алар үй бүлөсү менен караванга кошулуп Нишапур, Багдадган, андан соң Мекедеги Хижазга барып зыярат кылышкан. Андан ары Дамаск аркылуу Анатолияга барышкан жана Малатью, Эрзижан, Сивас шаарларын басып өтүп Акшехирде 4 жыл жашашкан. Андан соң 7 жыл Караман шаарында жашап, анын атасы Баха ад-Дин Валат уулу Жалал ад-Динди Самаркандык Лала Шераф ад-Диндин кызы Гевхер Хатунга үйлөнткөн. Ошентип ал жакта Мулана эки уулду болгон. Алардын аты Султан Валад жана Алааддин Челеби. Ошол эле шаарда, Мулананын апасы Мюмине Хатун менен анын агасы Алааддин Мухаммад каза болушкан. Алардын сөөгү азыркы “Мадер-е Мулана” деген белгилүү көрүстөнгө коюлган. Ошентип Султан Алаадиндин чакыруусу менен Баха ад-Дин Валат Сельжуктардын борбору болгон Конья шаарына көчүп барат. Ал эми Балх шаары монголдордун чабуулуна кабылып, шаардагы китепкана, медреселер толугу менен күйүп кеткен. Мулананын биринчи мугалими өз атасы болгон. Жалол ад-Дин Руми бала кезинен тартып эле Борбор Азия аймактарындагы фарс жана түрк элдеринин уламыш, дастан, жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан жанына сиңирип, грек философиясы менен диний китептерди көп окуган. Жалал ад-Дин Руминин үй бүлөсү Конья шаарына баргандан эки жыл өтүп 1231-жылы 23-февралда Мулананын атасы Баха ад-Дин Валад дүйнө салат. Ал эми Мулави атасынын шакирти менен суфийлердин жолун улайт. Сейид Бурханеддин белгилүү даанышман, Мулананын атасынын шакирттеринин болгон. Ал Мулананын атасы Аалымдардын султанына жолугуу үчүн жер кезип, шаардан шаар кыдырып жүрүп, акыры Конья шаарына барат. Бирок, ал маалда Мулананын атасы аалымдардын Султанынын каза болгонуна бир жыл өткөн болот. Ал илим жолун ачкан, абдан урматтап сыйлаган устаты дүйнө салганына абдан өкүнүп, Муланага “Сенин атаң аалымдардын аалымы, билими күчтүү даанышман болгон, анын мага берген билимин сага үйрөтөйүн” деген. Ошентип Мевляна 9 жыл Сейид Бурханеддинден билим алган.
Түркия Византия мамлекети болуп турганда аны экинчи – Рим деп аташчу, Рим мусулмандарча Румга айланган. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевляна деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынган бул сөз "эгебиз","кожоюнубуз" дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммад Жалол ад-Дин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон.
Жалол ад-Дин Руми жашоосунда көптөгөн акылман, даанышмандарга жолуккан, алардын бири жүзүнөн нур төгүлгөн Шамс ад-Дин Тебризи аттуу даанышман, философ болгон. Ошол жолугушуудан соң бардык жумуштарын токтотуп коюп, бир бөлмөнүн ичинде Тебризи менен күндөп-түндөп баарлашып, илим-билимдин тереңине чөңгүп, убактысын ырга, музыкалык аспаптарда ойноого арнаган жана мааниси зор ирфандык маңыздагы ырларды жазып баштаган. Ал тапта Мулананын окуучулары устатынын күндөп түндөп Тебризи менен бирге болуп, окуучуларына көңүл бөлбөй калгандыгынан Табризи менен Мулананын ортосун алысатыш үчүн ар кандай айыз-кеп, ушак-айыңдарды таратышкан. Натыйжада Шамс ад-Дин Табризи Конья шаарын таштап башка жерге кеткен. Ошентип Шамс Тебризинин “Учуучу Шамс” деген дагы бир лакап аты пайда болгон. Мулана - Табризинин кеткенине кайгырып, Тебризинин Конья шаарына кайтып келүү өтүнүчү менен көптөгөн кат жазат, жада калса ошол эле өтүнүч менен өзүнүн уулу Султан Валадды Дамаскка жиберет. Ошентип Шамс ад-Дин Тебризи Конья шаарына кайтып келет, бирок арадан көп өтпөй жок болуп кетет, ошол бойдон аны эч ким көргөн эмес, бирок кээ бир божомолдор аны өлтүрүп коюшкан дешет. Ошентип, Шамси Тебризи дүйнөдөн кайткан соң, ага арналган Мулананын "Дивани Кабир" ("Улуу Диван") аттуу кырк миң бейттик көлөмдүү чыгармасы жаралат.
Мындан сырткары Румиге таандык көптөгөн маснави, газаль, рубайяттар бар, алардан тышкары анын төрт салмактуу чыгармасы бар. Алар: "Маснави", "Мажалис-Себа", "Мактубат" жана "Фихи мафих".
"Мажалис-и-Себа" - Мевлананын жети осуятын өзүнө камтыган кара сөз түрүндөгү чыгарма.
"Мактубат"- Мулананын жакын санаалаштарына, досторуна жана айрым аалымдар менен өкүмдарларга жазган каттарынан турган китеп.
"Фихи Мафих" – Мулананын маектеринен турган жыйнагы.
Бул чыгармалар Жалол ад-Дин Румиге таандык эмгектер, асыл мурастардын бардыгы фарсы тилинде жазылган. Булардын ичинде Жалол ад-Дин Румини атак-даңкка бөлөп, аны дүйнөлүк даанышман акындардын катарына кошкон чыгармасы - "Маснави" болуп саналат.
Руми 68 жашында, 1273-жылы 17-декабрда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын артында акындык таланты, өзгөчө диний философиялык түшүнүнүктөрдү Курандын аяттарын жана келмелерди поэзиянын тилине салып кубулжута кынаптаган жазмалары жана ага бүт дүйнөлүк атак даңк алып келген чыгармалары менен унутулгус болуп кала берди.
Бүгүнкү күндө, жыл сайын “Дербиштердин ааламды айланткан бийи” фестивалы 10-17-декабрда Түркиянын Конья шаарында уюштурулуп, Мавлананын чыгармачылыгына арналган майрам, мааракелер жыл сайын өтүп турат.
Адатта, Мулана майрамына улуу ойчулдун чыгармаларын урматтаган миллиондон ашык күйөрмандар дүйнөнүн төрт бурчунан ат арытып келишет. Бул жөн гана майрам эмес, бул Жараткандын миң сырдуу дүйнөсүнө жандашуу. Курандын аяттарын бүгүнкү турмуш менен айкалыштырган мистикалык жөрөлгөдөй туюлат. “Дербиштердин ааламды айланткан бийинин” философиялык мааниси терең.
Коньядагы Мулананын күмбөзү жайгашкан кең сахнага исламдин суфий агымына кирген Мулави жамаатынын дербиштери чыгып, добулбас менен сыбызгыган чоордун коштоосунда тегерене бийлей башташат. Дербиштер тегеренген сайын кооз чапандарынын этектери бадпиректей айланат. Дербиштердин бир колу өйдө, бир колу төмөн түшкөн калыпта тегеренип бийлешет, анын мааниси – жогору көтөрүлгөн оң колу аркылуу көктөгү Жараткандан бата алуу, ал эми сол колу аркылуу ал батаны жерге, бүт ааламга таратуу. Тегеренген дербиштердин баштары жер шаары сыяктуу 23градуска оң ийинине жатып турат.
Дербиштер терең транска кирип, бир орунда көпкө чейин тегеренип бийлегенин айтышат. Көрөрмандарга дербиштер тегеренбей эле, жер шаары алардын таман астында тегеренип аткандай сезим калтырат. Мулана тегеренген ритмикалык кыймыл менен Курандын сүрөөлөрүн айкалыштыруу аркылуу Кудай сүйгөн акыйкатка жетүүгө болот деп эсептеген.
Аты | Мулана Жалал ад-Дин Балхи |
Өлкө | Иран |
Лакап ат | Мевлана |
"Маснави", "Мажалис-Себа", "Мактубат" жана "Фихи мафих". |

