
Хожа Насиреддин Туси
Ходжа Насиреддин Туси өз заманынын белгилүү математик, астроном, философ жана саясатчысы болгон. Ал XIII кылымдын 1201 жылдын 28 февралында Ирандын Хорасан аймагына караштуу Тус шаарында жарык дүйнөгө келген.
Анын доору монгол империясынын чабуулу менен бүткүл элди чаң тополоңго түшүрүп, кайгы-муңга бөлөп, үй-бүлөө, эл-журт бүлүнгө учурап, калайык калк башпаанек издеп, дүйнөнүн айласы куруп, илимдин деңгээли түшүп турган каардуу заманга дал келген. Ходжа Насиреддин Туси карапайым элге өзүнүн акыл насаатын айтып, аларга күч кубат берип турган ошол каардуу замандын жаркырап жанган жылдызы болгон.
Ал жаш кезинен эле Куранды жана хадистерди, шийиттер агымынын юридикалык бөлүмүн, философия, математика, медицина жана астрономия илимдерин кызыгуу менен окуп баштаган. Кийинчерээк ал Масул шаарындагы Камал ад-Дин Ибн Юнисден математика жана астрономия илимдерин тереңирээк өздөштүргөн. Насираддин Тусинин ахлак жана астрономия боюнча көптөгөн китептери жазылган. Анын макалалары латын тилинде 1652 жылы Лондондо кээ бирлери Египетте, Индияда, Иранда жарык көргөн. Анын саясий-укук, социалдык-философдук жана коомдогу көз карашы, аны терең талдап, кылдаттык менен изилдеп, жазгандыгында. Ал 1235-жылдары Аламут сепилинде исмаилит-низарит резиденциясында жашаган. Ал монгол элдик революциялык партиясынын жетекчилеринин бири болуп, 1256 жылы Аламуттун Монголдорго өткөрүлүп беришине өз салымын кошкон. Ханзаада Хулагу ага ыраачылыгын билдирип, аны өзүнүн астрологу кылып шайлаган. 1258-жылы Ханзаада Хулагунун Багдадка болгон чабуулуна катышып, халифтер менен өз ыктыяры менен багынып берүү жөнүндө жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал көп жылдары Хулагунун каражат маселелери боюнча кеңешчиси болуп, натыйжада салык реформасы тууралуу эң алгачкы долбоордун бирин түзгөн.
Насиреддин Тусинин тарыхта калган изи болуп Марага аймагындагы ислам дүйнөсүндөгү эң белгилүү жана алгачкы илимий обсерваториянын ачылышы болгон. Ал обсерваториянын жанына илимпоздор үчүн Багдад, Сирия, Бейрут жана Алжирден алынып келген төрт жүздөн ашык томдон турган чоң китепкана жайгашкан. Андан тышкары Насиреддин Тусинин резиденциясында атайы астрономдор тобуна арналган жана аларды окутуу үчүн илимий мектеп жайгашкан. Ал өмүрү бою обсерваториянын имердүүлүгү үчүн өз салымын кошуп келген. Анын дагы бир эмгеги “Насирдин ахлагы” болуп эсептелет. Анда тарбия жана ахлакка басым жасап, тарбиянын баалуулугу жана ар тараптуулугу, адамдын тиричиликтеги ар тараптуулугу, адамдын коомдогу акыл ойу жана баалуулугу боюнча көз караштары камтылган.
Ходжа Насреддин Туси 1274-жылы бир нече өзүнүн шакирттери менен Багдад шаарында сакталган китептерди жана илимий изилдөөлөрдү алып келүү үчүн барган, бирок шум ажал кай жерде болбогун, эмне кылбагын өзүнүн тилегине жетет тура. Тилекке каршы ошол эле жылдын 2-июлунда ал жарык дүйнө менен кош айтышты. Анын сөөгү Багдаддан аль-Казимайнга алып келинип жерге берилген.
Аты | Хожа Насиреддин Туси |
Өлкө | Иран |
Yard period | the past |

