
Омар Хайям
Чыгыштын улуу акыны Омар Хайямдын образы ар кандай легендалар менен коштолуп, өмүр баяны жашыруун сырлар жана табышмактарга толо болгон. Байыркы Чыгыштагылар Омар Хайямды белгилүү даанышман математик, физик, астроном жана философ катары билишкен. Ал эми бүгүнкү күндө Омар Хайям тамаша аралашкан таамай, көрөгөч жана чебердик менен жазылган философия-лирикалык төрт сап ырларды жараткан акын катары белгилүү.
Омар Хайям 1048-жылы 18-майда Персиянын же азыркы Ирандагы Хорасан провинсиясында жайгашкан Нишапур шаарында кол өнөрчүнүн же алачык, чатыр соккон адамдын үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Нишапур шаары Кытай менен Индиянын байыркы цивилизациясына дарбаза болгон Чыгыш менен Батыштын жолдору кесилишкен улуу Жибек жолунда жайгашкан. Шар бир нече ирет зилзаладан талкаланып, моголдордун чабуулуна да туш болгон. Ошентип кийинчерээк, орто кылымдагы Нишапур шаарынын урандылары гана калган.
Баштапкы билимин туулуп өскөн шаарында алган Омар Хайям билимдин изине түшүп Балх шаарына көчүп келет. Мындан ары да терең билим алуу үчүн XXI-кылымдын 70-жылдары ошол убактагы илимдин ири борбору болгон Самаркан шаарына отурукташкан. Баардык илимдердин ичинен жаш Хайямды математика кызыктырган. Анын бизге жетпей калган “Математиканын оор маселелери” жана андан кийин жазылган “Эквлидтин чечмелериндеги оор маселелерди түшүндүрүү” атту эмгектери ага атак-даңк алып келген. Көп өтпөй, Карахан уруусундагы ханзаданын чакырыгы менен ал Бухарага барган жана өкүмдар ага “жогорку сый-урматын көрсөтүп аны тагынын жанына отургузган”. Ошол кезде көчмөн түркмөндөрдүн Огуз уруусунан чыккан улуу селжуктардын чоң мамлекети негизделип калыбында турган. 1055-жылы селжук султаны Торгул-бек Багдад шаарын басып алып мусулмандардын башкы аалымы болуп шайланган.
Ал маалда Жакынкы Чыгыштын көптөгөн мамлекеттеринде жашаган элдердин маданий өнүгүшүнө таасирин тийгизкен араб калипасынын бийлиги күчүн жоготкон.
Султан Малик-шахтын доорунда улуу селжуктардын империясы Кытайдан Орто деңизге, Индиядан Византияга чейинки аралыктарды камтыган. Жаңы түзүлгөн мамлекеттин башында башкаруучулук жөндөмү зор, өз доорунун билимдүү аалымдарынын бири – Низам ал-мүлк турган. Анын заманында өнөр-жай менен соода тармагы өнүп өскөн. Ал илим тармагын абдан колдоп ири шаарларда окуу жайлар менен медреселерди ачып, Багдаддын академиясы болгон “Низамияны” калыбына келтирип, өркүндөткөн.
Анын чакыруусу боюнча Омар Хайям жаңы мамлекеттин борбору Исфахан шаарына көчүп келип, султандын ардактуу жан-жөкөрлөрүнөн болуп дайындалган. Уламыштарда – Низам ал-мүлк Хайямга – тегерегиндеги аймактарды кошуп Нишапур шаарын башкаргын деп сунуш кылат, бирок Хайям “Элди башкарып, бийлик жүргүзүп, буйрук берип, тыюу салгым келбейт, баардык акылымды, күч аракетимди адамдын пайдасы үчүн гана илимге арнагым келет” деп жооп бергени айтылат.
Ошол мегзилде Омар Хайям өз доорундагы эң атактуу астроном катары белгилүү болгон. Ага дүйнөдөгү эң зор обсерваторияны куруу милдети жүктөлгөн. Ал көп жылдарды жылдыздуу асманды изилдегенге жумшап, натыйжада папа Григорий ХIII-реформасына чейин беш жүз жыл мурдагы жылнааманын реформасын негиздеген. Илимдерде мындай чоң ачылыштарды жасаган окумуштуу Омар Хайям өзүнүн ырларын качан жазган? деген суроо туулат. Ал карыганча, өмүрүнүн аягына чейин бир да көз ирмемин текке кетирбей эмгектенген десек да болот. Ал эми ал эч качан башчыларды мактап ыр жаратып, аларга кошомат кылган эмес тескерисинче айыкатты издеп, чындыкты ачыкка чыгарган.
Анын төрт сап ырлары – рубаилери жерден атып чыккан булактардай эл чыгармачылыктын терең катмарынан суурулуп чыккан. Хайямдын ар бир төрт сабы – өзүнчө чакан поэма. Зергер асыл ташты жогорку чеберчиликте көркүнө чыгаргандай Омар Хайям да өзүнүн рубаилерин мөлтүрдөгөн мончоктой тизип, ар бир сөздүн ордун таап бири бирине уйкалыштырып, көркүн ачкан.
Окумуштуу, ойчул акын жөнүндө көптөгөн изилдөөлөр, илимий иштер жазылып келген. Анын математикалык, острономиялык, философия жана медициналык сегиз эмгеги бизге жеткени баарына маалым. Бирок, алар ушуну менен эле чектелип калбайт. Алардын көбү түбү менен жок болсо, көбү али да болсо табыла элек. Ал өзүнүн төрт саптарынын биринде мындай деп айткан:
Дептериме жазган элем төтөлөп,
Жүргөн сырды көңүлүмө бөпөлөп.
Жазып, каттым, жанды сактап, анткени,
Эл ичинде наадан, арам өтө көп.
Хайям төтөлөгөн дептеринин барактары бизге төрт саптарда камтыган, илимий эмгектеринде ачык айта албаган көйгөйлөрдүн терең ойлорун ачып берет. Ачуу чындыкты бетке айтып, падыша, султандардын кемчиликтерин айгинелеп, арамза, наадан, митаамдардын кылык-жоруктарын моюндарына коюп, караңгылардын көзүн ачып, өмүрдүн кыскалыгын, тагдырдын татаалдыгын, турмуштун оордугун айтып, зарлап, ыйлап, бир келген өмүрдү кор кылбай жакшы жашап, сүйү үнү ыйык көрүп, көңүлдүү болууга жана тынчтык, адилеттик, жакшылыктын туусун бийик көтөрүп адамдык сапатты жоготпой ар дайым тунук акыл менен жашоонун көркүн ачып, ак ниет жашоого чакырат. Улуу даражалуу падышалардын колдоосунда Хайямдын Исфахан шаарындагы он сегиз жыл өмүрү эң бактылуу, чыгармачылыгынын оргуштап агып турган мезгили болгон.
1092-жылы Низам ал-мүлк киши колдуу болуп көз жумат. Андан соң бир ай өтпөй гүлдөп турган чагында Малик-шах дүйнөдөн кайтат. Ошентип, бийлик, байлык, такты талашуу, согуш кыргын башталат. Зор мамлекет ыдырап, майда феодалдык мамлекеттерге айланат. Обсерватория үчүн бөлүнүп жаткан акча-каражаттардын баш-аягы табылбай, андагы жүрүп жаткан иштер токтоп Хайямдын акыбалы оордоп, өмүрүнө коркунуч туудурат. Мурунтан кек сактап, Омар Хайямдын көзүн тазалайбыз деген душмандар баш көтөрө баштайт. Ошентип Омар Хайям өз өмүрүн сактап калуу максатында көптөн бери ойлоп жүргөн Меккеге ажыга жөнөйт.
Омар Хайям көп жылга созулган саякаттан кайтып келип Багдад шаарынан орун алып жашап калат жана Багдаддагы Низамийе академиясында атактуу даанышман болот. Башынан өткөргөн оор кырдаалдардан улам мүнөзү өзгөрүп, элден бөлүнүп жалгыз жашай баштайт. Жылдар өтүп мамлекетте тартип оңолгонсуйт. Бийликке атасынын саясатын улаган Низам-ал-мүлктүн уулу келет. Атак-даңкы дүйнөнү дүңгүрөткөн Омар Хайям киндик каны тамган Нишапурга 70 жаш курагында кайтып келет. Өмүрүнүн акыркы жылдарын берекелүү Хорасанда өзүнүн доорундагы мыкты адамдардын арасында кадыр-баркка, сый урматка бөлөнүп жашайт.
Желдей жортуп, батты бир күн дагы да,
Ал өмүрдөн кетти, келбес жагына.
Тирүү туруп, болгум келбейт кабатыр,
Кеткен түндүн, келээр күндүн баарына.
Кайдан келдик? Кайда бармай? Түшүнүү,
Кыйын болду. Неде жашоо үзүрү?
Күлгө айланды нечен асыл адамдар,
Кайда алардын күйгөндөгү түтүнү?
Оо теңири, сенде устаттык чебери,
Баш жаратып топурактан береги.
Идишиңден, тасмалына турмуштун,
Өрт жандырдың кумарланткан денени.
Сүйүүнү күнгө теңеп, сүйгөнүн даңазалап, аны менен бир болгонду бейиштен артык көрөт. Ал жакшылыктын, көңүлдүн тоюн тойлоп, чөйчөктөргө шарап куюп кайгы-капаны кубалап, кубанычта жашаганга чакырат. Бирок, ал той – бийик ойлордун, таңдай ак сезимдердин тою, даанышман Платондун тою, шарап куйган чөйчөк болсо – бүт дүйнөнү камтыган адамдын акыл эсинин чөйчөгү, Жамшидтин сыйкырдуу чөйчөгү. Ал эми, мас болгончо ичип жаткан мастардын тобу – илимге тойбогон эң мыкты даанышмандар, оор салмактуу терең ойлонгон асыл инсандар. Шарапты, аялды даңазалап жазып, ырдаган Омар Хайям шараптын даамын татып көргөн эмес, үйлөнгөн да эмес, артында бала калган эмес. Анткени так илимдердин үстүндө күндүр-түндүр талыкпай иштеген окумуштуунун ичкенге, ал тургай үйлөнгөнгө да убактысы болгон эмес.
Омар Хайямдын поэзиясы башынан аягына чейин – адамзаттын улуулугун, рухунун бийиктигин даңазалоо менен бирге анын акылынын тереңдигин, улуу талантын далилдейт. Омар Хайям жашоону барктап, андагы ар бир көз ирмемдердерден ырахат алып жашаган.
Аты | Омар Хайям |
Өлкө | Иран |
Лакап ат | Хайям |
Өндүрүш убактысы | 1048-жыл 18-май |
Ырлар, рубаилер |

