Хафиз Ширази

Хафиз Ширази

Хафиз Ширази

Ходжа Шамс ад-Дин Мухаммад Хафиз Ширази – Иран элинин көрүнүктүү акыны, философ, суфий чебери, дүйнөлүк адабият лириктеринин бири. Анын акындык талантында негизги ролду элдик-поэтикалык чыгармачылык ойногон. Акындын чыгармачылыгы XIV кылымдагы перс адабиятындай эле салттык фольклорду чагылдырат. Анын философия-идеялык жана суфийдик көз караштарын анын көптөгөн социалдык-маданий факторлорду камтыган фольклорго жок элестетүү кыйын. Орто кылымдардагы башка Чыгыш акындарындай эле, Хафиздин чыгармалары жашоодогу күнүмдүк кыйынчылыктар, убакыттын өтүшү; өзүнө кандайдыр бир мезгилдеги тарыхый мезгилди жана фольклордук салттарды камтыган тарыхый-адабий факторлорго негизделет. Хафиз өзүнүн айлана чөйрөсүндө жашаган эл менен тыгыз байланышта болуп, алардын жашоосу, акыл-ой баалуулугуу, элдик ооз эки чыгармаларын жакшы билген.

Акындын көптөгөн ырларында келечекте Хафиз жөнүндө маанилүү фольклордук булак боло турган жеке аттар, жүйөлөр, негиздер келтирилген. Хафиздин дивандары көптөгөн адамдарга төлгө китеп катары эң маанилүү китеп болуп саналат жана  “Фале Хафез” (Хафиз боюнча төлгө ачуу) аталган төлгөсү элдин кызыкчылыгын жаратат. Дүйнө жүзүндө ар улуттарда  ар кандай төлгөлөрдү ойлоп табышкан.  Ал эми Иранда Хафиздин ырлары менен төлгө ачуу өзгөчө белгилүү. Салтка ылайык Хафиз китебин колго алып, кызыктырган суроону же маселени ойго бекем түйүп, көздү жумуп китептин туш келген бетин ачуу керек, ал эми ар бир ачылган беттин оң тарабындагы ыр төлгөгө жообу деп саналат.

Хафиздин дивандары менен салынган төлгө, ар бир адамды жеке таанып алардын жашоосун толугу менен билген сыяктуу туура жооптору менен канаатандырат. Хафиздин дивандары менен төлгө ачуу негизинен майрам күндөрү (Нооруз, Чахар шанбе сури, Ялда, үйлөнүү той ж.б.) ар кандай жолдор менен аткарылат. Акындын төлгөдөгү жооптору кээде орой кээде кош көңүл болуп элдин баарын ойлонууга маажбур кылат. Бардык төлгөлөрдөй эле Хафиздин төлгөсү да аныгы акыйкаттыкты так айтпайт, бирок туура ой, кеңеш жана кандайдыр бир багытты  берет. Ал эми төлгөдөгү ар бир жооп төлгө ачкан адамдын маанайына же болбосо жагдайына жараша төп келгендиги таң калтырат. Бул төлгөлөрдүн баары Хафиздин кыраакы, билгич даанышман экенин, анын талантынын күйөрмандардын арасындагы ордун  жана маанилүүлүгүн тастыктайт.

Хафиз акын катары өзүнүн оюн төп келиштире, бири бирине уйкаштырып  бийик акындык деңгээлде  жазылган чыгармалары окурмандарды кааласа да каалабаса да ыр саптарына чөмүлтүп, суктанганга мажбур кылат. Анын ырлары жашын  да карысын, байын жана кедейин кыскасы адамдардын бардыгын көңүлүн толтуруп ырахат тартуулайт. Ошондуктан анын ырларынын күйөрмандары Куран, Саадинин,  Жалаладдин Руминин Месневиси менен бирге Хафиздин диванарын көптөгөн жашоогу бардык акыбалдарда суроолорго жооп бере алган акылмандыктын булагы деп билишет. Хафиз жөнүндөгү элдик ооз эки чыгармаларда, баян жана ылакаптарда акындын жалпы Иран элинин элдик жана улуттук көз карашын чагылдырган мүнөзү байкалат. Алсак эки улуу акындын бирге болушу  жөнүндө Мулави жана Хафиз дастаны мисал боло алат. Хафиз жөнүндө элдик ооз эки чыгармаларда жана ылакаптарда акындын поэзиядагы ордун жана ролун ачык айкын көргөзүүгө умтулуп атайы образдар жана мисалдар келитирлген.

Хафиздин “Диван” китебин жаңы төрөлгөн ымыркайдын жаздыгынын алдына коюп уктатуу сыяктуу элдик ишеним жөрөлгөлөрү жашыруун жана касиеттүү ыйык  маанини камтыйт. Жалпысынан Хафиздин атына байланыштуу элдик каада-салттар элдин акынга болгон  сый урматын гана тастыктап тим болбостон Иран элин дүйнө жүзүнө таанытып, дүйнө жүзүндөгү окурмандардын сүймөнүлүгүнө ээ болгон.

Негизинен Хафиздин поэзияларындагы фольклоризмди 5ке бөлүшөт. 1.Улуттук мифология. 2.Диний мифология. 3.Тарыхый мифология. 4.Махабат мифологиясы. 5.Мифологиялык  жандар. Ал эми Хафиздин ырларындагы аталган каармандар жана улуттук мифологияларды экиге бөлсө болот. Көбүнчө фольклорго жакындашкан этнографиялык болмуштарды туураган окуялар түзөт. Хафиздин Дивандарындагы мифологогиялык жана жомоктогу каармандар тобун, Фирдоусинин Шахнамэ чыгармасындагы белгилүү Жамшид, Сийамак, Салм, Тур, Зав, Сийавуш, Бижан, Рустам, Исфандияр, Кей-Кубад, Кавус, жана башка каармандар сыяктуу жомок же мифологиялык баатырлардын аттары айтылат.

 

Хафиздин ырларындагы байыркы Ирандын баатырларынын аттары, ал өзү катуу сынга алган кудурет, күч жана бой көтөрүп, кекирейгендикти символдоштурат.

 Хафиздин Дивандарында Дара (Дарий), Бахрам, Парвиз ж.б. сыяктуу тарыхый реалдуу шахтардын аттары да келтирилген. Хафиздин ырларындагы өзгөчө белгилей кетчү нерсе бул көбүнчө укмуштуу баатырлардын жана чыныгы байыркы шахтардын аттарын мифтүү поэтикалык максатта колдонгон, башкача айтканда акын ал аттарды жана жосундарды  чыгармаларында өзүнүн оюн чагылдыруудагы сулуулукту жана төп келишкендикти курчутуу максатында колдонгон. Хафиз Саманид доорундагы Рудаки, Дакики, Фердоуси сыяктуу поэттердей эле Иран маданиятын улуттук мифтерге жана фольклорго ыктаган. Ошентип сөз, бардык перс классикалык суфийлик поэт – символисттерде айкын байкалган жалпы тенденциялар жөнүндө жүрүп жатат.

Акындын ырларында диний жомоктор жана мифологиялар да негизги орунду ээлейт. Пайгамбарлар менен байланышкан диний аттар жана окуялар акындын ырларында көп кездешип, символикалык маанини камтыйт.

Мисалы Адам, Нух, Худ, Ибрахим, Якуб, Сулайман, Давуд, Муса, Иса, Карун сыяктуу аттар Хафиздин чыгармаларында кездешет.

Тарыхый мифология.  “Искендер”, “Искендер жана мүрөк суусу”, “Искендердин зындары”, “Искендердин күзгүсү” (табышмактуу дүйнөнүн символу), “Афлатун”-(Платон – акылмандыктын, билимдин жана сүйүүнүн туу чокусундай ажайып сулуулуктун символу), Шейх Сан (насаатчы жана мистикалык жолдогу неофит жетекчи символу) ж.б. кирет. Башка маданияттардын элементтерин перс мифологиялык контекстине кошуу акындын мындан кийинки ыкмаларынын бири болгон.   

Махабат мифологиясы.

“Лейла жана Мажнун”. Бул аңгеме ашык болгон Мажнундун аты менен байланышкан. Мажнун (кыргызча мааниси Таасир алдында) – араб романтикалык аңгемесиндеги каарман. Мажнун Лейлага болгон сүйүүнүн айынан, анын атасы кызын берүүдөн баш тарткан соң акылынан адашып, кызга болгон күйүт сагынычынан улам каркыраган чөлдөрдө тентип, жапайы айбандар менен достошуп, элден алыс ээн талаада жок болгон. Ошентип перс поэзиясында Мажнун ашык болуп, сүйүүсүнө жетпей калган байкуштун синоними катары чагылдырылат, бирок суфийзмде Мажнун элден безип ээн талаада жалгыз жашаган адамдын жана Кудайга жакындаган суфийдин симболун билдирет. Хафиз бул жөнүндө “Ааламда Мажнун болгон, - менин да кезегим келди, кайталанган тагдыр жана анын айланышы” деп айткан.

Ширин жана Хосров (же болбосо Фархад жана Ширин) –Хосров, Парвиз жана Фархад акылдарынан ажыраганча христиан сулуусу Ширинге ашык болушкан. Алардын сүйүүсү тууралуу Низами, Амир, Хосров ж. б. көптөгөн белгилүү поэмалар жазылган. Хафиз:

Мен эми көрүп турам: Жоогазын гүлүнүн ачылганы – Фархаддын Ширинге болгон сүйүүсүнүн каны эмеспи?

“Жусуп менен Зулайка” Курандагы аңгемеге ылайык – Зулайка Жусупка ашык болгон Египеттик падышахтын жубайы.  Зулайка өзүнө Жусуптун көңүлүн бурдургусу келген бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Ошондо Зулайка Жусупту  анын намысын булгаганга аракет кылды деген жалган жабаа менен аны зынданга салдыртат. Акыр аягында Жусуп зындандан чыгып, падышах дүйнөдөн катйкандан кийин анын ордун ээлеп, Зулайкага үйлөнгөн. Хафиздин ырларында жогоруда аталган сүйүү каармандарынан тышкары Авранг жана Гүлчехр, Мехр менен Вафа ж.б. сүйүшкөн түгөйлөр да келтирилген. Бирок сүйүшкөндөрдүн бардыгынын аттары – түбөлүк сүйүүнүн жана берилгендиктин символу, мыктылыктын жана билимге умтулууну даңазалайт. Ал эми суфий символикасында Мажнун, Хосров, Фархад, Авран жана башкалардын образдары, Кудай жолуна умтулган – накта мистик суфийлерге окшош деп эсептелинет.   

Мифологиялык жандар.

Шираздын адабий чөйрөсүндө мифологиялк сюжеттер жана табышмактар жөнүндө көп талкуулар болуп турганын божомолдоого болот. Чыгарманын мифологиялык мейкиндигинде жайгашкан көптөгөн каармандар ар түрдүү тарыхый жана маданий типтерге бөлүнгөн.

Алардын ичинен Харут менен Марут - периштелердин аттары. Мусулмандардын аңгемеси боюнча качандыр бир мезгилде  Зухра (Венера) планетасы суйкайган сулуу айым болгон, ага Харут менен Марут периштелер ашык болгон. Ашык болгонго чейин ага-ини Харут менен Марут өздөрүнүн кажыбас кудурети менен мактанып атышканын уккан Кудай, алардын күчүн сынамакчы болуп Жерге жөнөтөт. Жерге келген Харун менен Марут суйкайган ажары элди суктанткан, күн десе күндөй, ай десе айдай жаркырап турга Зухрага ашык  болушат.  Зухра ашыктыктын айынан акыл эсин жоготкон периштелерден Кудайдын жашыруун атын (ишеним ырымдарга ылайык сыйкырдуу күчкө ээ) сурап алат жана ал жашыруун аттын жардамы менен асманга чыгып кетет. Аңгемеде Зухра өлбөстөрдүн катарына кирип, асмандагы оюн зооктор менен коштолгон  “Асман музыканты” болот деп айтылат. Чыгармада Зухра виртуоздуу музыканттын синоними, ал эми Харут менен Марут суфий адабиятында кудайсыздыктын символу катары келтирилген.

Далжал (калпычы) – Христиан Антихрист менен барабар болгон мусулман эсхатологиялык жомоктордогу каарман. Суфизмде Дажал – алдамчылыктын жана эки жүздүүлүктүн символу. Хафиз Далжал деген атты алдамчылыктын символу катары колдонгон.

Див – (Дэв, Каарду дух) – болжол менен араб фольклорундагы ифритке дал келген каардуулуктун символу. Негизинен Дивдитиштери жүндүү, оркойгон, мүйүзү бар, тизесинде жана чыканганыда  оркойгон  текөөрү бар сүрөттөшөт.

Акындын жогоруда аталган каармандардын баары, аладын ролу,  аракеттери жана аттары аздыр көптүр суфийлик символдорду так берүү үчүн колдонулган.

Хафиздин чыгармаларындагы  макал-лакаптар жана  учкул сөздөр сабырды жана чыдамкайлыкты, бардык жагдайда жана бардык жерде олуттуу  болууну, кайгы-капа, боорукердик, катачылыктарды моюнга алууну, достукту жан бейпилдикти, тарбия, маңдайга жазган жазмышты, согуш, бейкуттукту жана жеңишти ж.б. чагылдырат. Ал эми элдик жана улуттук каада салттар жөнүндө айтсак Хафиздин диванында көз тийгенден сактоо үчүн адырашман түтөтүү, Нооруз күнү падышахтын тактысына эмирдин отурушу, карапайм элди акысыз тамактандыруу, шарапты жерге төгүү, элди жакындатуу максатында атын такасын отко кактоо, шарапка берилип ичкенден өкүнүүдө стакан сындыруу, күңдү кетирүү, белек тартулоо жана анын акысын төлө кайтаруу,  бутту өбүү,  кагазды жуу сыяктуу байыркы каада салт, жөрөлгөлөр чагылдырылган.  Ал эми– пияздын жардамы менен, оорулуунун жанында дуба окуп, сыйынуу, Мехрабе мечитинде шам жагуу, ошол замандын жана Хафиздин ырларындагы  сыйкырдуу күчү бар жөрөлгөлөр  эсептелинет. 

Хафиздин көрөгөчтүгү, акындык таланты, кыраакылыгы, акылмандыгы, таамай айтып төлгөгө дал келген жооптору жана да көптөгөн касиеттери ааламдагы адабият сүйүүчүлөрдү гана эмес мен мен деген акындарды, акылман-даанышмандарды да таң калтырып келет.

 

 

Аты Хафиз Ширази
Өлкө Иран
Лакап атХафиз
Өндүрүш убактысы1325-1389
Хафиздин Дивандары
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: