Ибн Сина

Ибн Сина

Ибн Сина

Ислам дүйнөсүнөн чыккан залкар инсандардын бири Ибн Сина, философия жана медицина илимдеринде жасаган ачылыштарынан улам Чыгышта «шейх», «раис» делсе, Батышта «Дарыгерлердин падышасы» деген наамга ээ болгон.

         Ибн Сина 980-жылы 16-августта төрөлгөн. Ибн Сина медицина илимине бала чагынан эле кызыга баштаган. Ал 12 жашка толо электе эле ошол доордун белгилүү дарыгери Абу Салах ал-Масихи деген даанышман,   философтон таалим ала баштаган. Ибн Синанын мр баяны (биографиясы) жазылган китептердин биринде“Андан соң мен медицина илиминдеги даарылоо бөлүмүнө кызыгып, ал жөнүндө жазылган китептерди окуп баштадым. Ал эми медицина илими жеңил илимдерден эмес, андыктан мен кыска мөөнөттүн ичинде даарылоо боюнча көптөгөн китептерди окуп, изилдеп чыкканга да жетиштим, ошентип ошол доордун белгилүү дарыгерлери мага кеңеш сурап келип башташты. Ооруган адамдарды көрүүм мага тажрыйба топтоого жана алдымда дарылоо боюнча бир канча ачылыштарды ачканга жардам берди. Ошол маалда мен 16 жашта элем”деп эскерет.

         Ибн Сина  медицина тармагы боюнча, бир нече китептердин автору, Бахаралык белгилүү дарыгер Абу-л-Мансур Камариден билим алган. Бирок, тилекке каршы Камари көпкө окута алган эмес. Ибн Сина тез эле өз алдынча практика жүзүндө иштөөгө киришип, көз ачып жумганча абдан белгилүү дарыгер болуп чыга келет. Ошол маалда, аны катуу ооруга чалдыккан Бухаранын эмири Нух ибн-Мансурду даарылоо үчүн чакырышат. Ибн Сина өзүнүн өмүр баянында“Күндөрдүн биринде эмир ооруп калып, анын оорусунун дартын аныктай албай коюшат. Алардын баары мени таанышкандыктан, Эмирге мен жөнүндө айтышып, мени чакыруусун суранышат. Мен барып, алар менен кошо эмирди даарылоо үчүн катыштым”деп эскерет. Эмир кандай дартка чалдыкканы, Ибн Сина аны кантип даарылаганы жөнүндө так маалымат жок. Болгону Ибн Сина даарылагандан кийин, эмир Нух ибн-Мансурга дагы бир нече жыл Бухараны ийгиликтүү башкарган. Эмир аны жакшы даарылагандыгы үчүн Ибн Синага Саманиддердин белгилүү китепканасын эркин колдонууга уруксаат берген. Бухардагы китепкана – ошол доордун эң ири китепканаларынын бири болуп эсептелинген. Ал китепканада Ибн Синанын окуу этабы бүтүп, чыгармачылык жолу башталган.  Ал саманиддердин китепканасын бир нече жыл колдонгон. Так ошол Бухаранын китепканасында, ага медицина илими боюнча китеп, жалпы эмгек жазуу ою келген болушу керек деген божомолдор бар. Анткени ал жакта баардык ооорулардын аты жана алардын белгилери  жөнүндө, алардын эмне себептен пайда болуп, кантип даарылоо тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүн эле. Китеп жазуу максатында Ибн Сина керектүү маалыматтардын баарын жазып алып, мезгили менен чогулутуп, топтоп турган.

Ибн Синанын чыгармалары жөнүндө ар кандай маалыматтар бар. Кээ бир тарыхчылар анын өзүнүн чыгармасы 132 китептен туруп, башка адамдар менен  биргелешип жазган эмгекетери да бар десе, кээ бирлери анын 456 китеби араб тилинде, 23 китеби фарсы тилинде (аладын арасынан медицина илиминде жана табият жөнүндө идеалисттик философия боюнча 40 китеп, табият илими боюнча 30 китеп, логика жана психология боюнча 60 китеп, астрономия жана алхимия боюнча 10 китеп) калган дешет. Ибн Синанын алгачкы эмгеги “Жыйынтык китеби” акылман 21 жашында жарыкка чыкан. Аны эркин көз карашы жана көз каранды эмес мүнөзү жогорку деңгээлдеги мусулман аалымдарынын кыжырына тийген. Аны өмүрүнө болгон коркунуч аны ар дайым жашаган жерин которуп, ар кайсы жерлерде жашоого муктаж кылган. 1002-2005 жылдары Хорезм шаарындагы атагы чыккан акылмандардын коому – “Мамун Академиясында”  жашаган. Ал жактан Ибн Сина “Даарыгерлердин князы” атка конгон. 1008-жылы Махмуд Газнинин кызматына кирүү сунушун четке каккан соң, Ибн Сина дүйнө кезип жүрүүгө мажбур болгон.

Ал кээ бир китептерин жер кезип жүргөн маалында, ат үстүндө жазган. 1030-жылы газневиддердеги султан Масуддун наместниги Исфаханды басып алганда Ибн Синаны үйү да тонолуп, анын көптөгөн эмгектери алар менен кошо 20 томдон турган “Ал-Инсаф” (Адилеттүүлүк) аттуу философиялык энциклопедия да жок болгон.

Авиценанын чыгармалары

Анын мистикалык чыгармаларынын катарын “Куштар тууралуу китеп”, “Махабат жөнүндө китеп”, “Сыйынуулардын негизги маңызы” “Зыярат кылуу мааниси”,  “Өлүмдөн коркуу коркунучунан кутулуу китеби”, “Тагдыр китеби” китептери толуктайт.

Медицина

“Ал-Канун фи-т-тибб” (Канон - Дарыгердик илимдин эрежелери) китеби.

Бул китептин бүткөн жылы жөнүндө так маалымат жок. Божомолдоолорго ылайык китеп 1020-жылы бүткөн. Бул китеп XII кылымдарда латын тилине которулуп, Европада абдан белгилүү болгон. Бул китеп отуздан ашык кайра басып чыгарылып,  V кылымдан ашык Европа университеттеринде окуу куралы катары кеңири колдонулган. Басма станок ойлоп чыгарылган маалда, аталган  Канон китеби эң алгачкы басылган китептерден болгон. Бул китеп энциклопедия түрүндө байыркы грек дарыгерлеринин айтуусу менен жана араб медицинасынын жетишкендиктеринин жана тажрыйбаларынын негизинде жазылган. 5 томдон турган бул китепте фармакология боюнча маалыматтар чогултулуп, жүрөк, боор, мээ жөнүндө терең түшүндүрмө берилип, Ибн Сина көздүн көрүү башаты көздүн чечекейи экенин жокко чыгарып, адам көздүн тор кабыгы аркылуу бир нерсени көрө алаарын далилдеген. Авицена кара тумоо жана холеранын, өпкөнүн плеврити жана өпкөгө суук тийген сыяктуу оорулардын айырмасын изилдеп тапкан, жана ала, диабет, ашказан жара ж.б. ооруларга баяндама берген. Ибн Сина “Канон” китебинде, кандайдыр бир майда жандар ооруну чакырат деген божомолдоо берген. Ал чечек оорусунун жугушуна көңүл буруп, аны башка оорулардан айырмалап, бир нече ооруларды изилдеп чыккан биринчи даргыер болгон.

Тажрыйбалуу хирург Ибн Сина адамдын анатомиясы боюнча терең түшүндүрмө берген, бирок ал мээнин иштешин, анын активдүүлүгүнө терең түшүндүрмө бергип, анын изилдеп чыккан эмгектери медицина илимине кошкон негизги салымы болгон.

“Дары каражаттары” (“Ал-Авият ал калбия”) китеби Хамаданга биринчи жолу барганында жазылган.  Чыгармада жүрөктүн ролу, пневманын пайда болушу жана анын белгилери, жүрөктү диагностика кылуу жана жүрөк ооруларын даарлылоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө жазылган.

“Ар кандай манипуляциялардан келип чыккан зыяндардарды жана кетирген каталарды, алдын ала эскертүү жолдору менен жок кылуу”, “Шараптын пайдасы жана зыяны” сыяктуу китептери Ибн Синанын эң кыска трактаттары болуп эсептелинет.

“Медицина жөнүндө поэма”, “Кан басым жөнүндө трактат”, “Саякатчылар үчүн иш-чара”, Уксус жана бал кошулмаларын даярдоо ыкмалары жана алардын даарычылык касиеттери жөнүндө жазылган -“Уксус жана бал жөнүндө трактаты”, “Кан жүгүрүүчү кан тамырлар”, “Дартка дабаа китеби” аттуу энциклопедиялык чыгармаларына тышкары логика, физика, биология, психология, геометрия, арифметика, музыка, астрономия жана метафизикага арналган көптөгөн китептери чыккан. 

Философия

Ибн Сина философ катары чыгыш перипатетизм багытын жолдогон. Араб жана фарсы тилдеринде Философиялык сөздүк түзүү үчүн көп эмгектенген. Ибн Сина өзүнүн философиялык көз караштарын фарсы тилинде “Билим китеби” энциклопедиясында чагылтырган. Ал Доминик Гундисальви тарабынан латын тилине которулгандан кийин, 12 кылымдын ортосунда Европада Liber de Amina деген ат менен белгилүү болгон. Азыркы тапта 1485-жылы Падуе шаарында басылып чыккан, латын тилине которулган 50 чыгармасы калган.

Анын философиялык ой-жүгүртүүлөрүн камтыган “Усул жана насыят” атту китеби болжол менен 1035-1036- жылдары жарыкка чыккан. Анын суфий боюнча чыгармалары: “Якзандын улу Хай жөнүндө аңгеме”, “Куштар жөнүндө кат”, “Салман жана Абсар” ж.б. жана 20 томдон турган “Ал-Инсар (Адилеттүлүк) аттуу философиялык энциклопедиядан турат.   

Ибн Сина метафизика түшүнүгү боюнча Аристотелди жактаган жана рационалдуу ой-жүгүртүү боюнча Аристотелдин окуусун жайылтып, анын атагын чыгарганга чоң салым кошкон.

999-жылы Ибн Синанын атасы – Абдаллах Ибн Хасан дүйнөдөн кайткандан соң, Ибн Синага анын жакындарын камыз кылуу, аларга кам көрүү түйшүгү калат. Бирок бийликтегилер мурунку исмаилиттердин үй бүлөсүнө жек көрүү менен мамиле кылышкандыктан Ибн Синанын абалы туруксуз жана кооптуу болгон. Ошентип ал Хорезмдин борбору Гурганжка көчүп кетүүнү чечкен.

Ибн Сина өмүрүнүн акырына чейин, өзүнүн туулуп өскөн жерине кайтып келе албай, бир шаардан экинчи шаарга жер кезип жүргөн. Ал Хорезм, Абиверд, Нишапур, Тус, Гурган, Рей, Хамадан жана Исфахан шаарларынын аттуу баштуу адамдары менен жолуккан. Бирде өйдө, бирде ылдый болуп, жашоонун ачуу таттусун көрүп, бирде бийлик башкарып, бирде вазир болуп, бирде зынданга да отурган. Ошондой олку солку жашоодо да ал өзүнүн чыгармачылыгын жана илимий ишин калтырган эмес.

Абу Али Ибн Сина 1037-жылы 24-июнь күнү дүйнөдөн кайткан. Аны Ирандын Хамаран деген жеринде жерге беришкен, андан 8 ай өткөн соң Ибн Синанын сөөгүн Исфахан шаарына алып барышып, Ала ал-Даула мавзолейине кайрадан жашырышкан.

Чындыгында Ибн Сина бир топ таланттуу философторду тарбиялаган  эң улуу даанышман жана акылман болгон.  Ал бир эле убакта акылман насаатчы жана мамлекеттин адамы да болгон. Анын чыгармалары көптөгөн адамдарды ойготуп, терең ойлонууга, акыйкаттыкка жана адилеттүүлүкө умтулууга жардам берген.

Аты Ибн Сина
Өлкө Иран
Лакап атАвицена
“Ал-Канун фи-т-тибб” (Канон - Дарыгердик илимдин эрежелери)
Тексти киргизип, Enter баскычын басыңыз

:

Сөз аралыгын өзгөртүү:

Сызыктын бийиктигин өзгөртүү:

: